Бир жумада ишти тездетпесе башкача сүйлөшөбүз/ Министрлик "Дөөлөт курулушту" текшерет
"Дөөлөт курулуш" компаниясына арызданган үлүш ээлери менен Курулуш министрлигинин Архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов жолукту. Ал "Кудайберген" турак жайында курулуш кандай жүрүп жатканын бир жума текшере турган болду. Эгер тездетсе ошол темпти көзөмөлгө алууну убадалады. Эгер чын эле кырдаал начар болсо чара колдонуу жагын карай турганын айтты. Аны менен катар "Дөөлөт курулуштун" экинчи объектиси "Шопоков эко сити" турак жайын да көзөмөлгө аларын билдирди.
Смотрите также
