G
enby!

Көркүнө чыга кооздолуп... Фрунзе заводу Ташиев баргандан кийин кантип өзгөрдү?

Фрунзе атындагы завод кезинде Бишкектеги өнөр жайдын чордону, жүрөгү эле, 30 жыл бою оңдоп-түзөлбөй, каралбай турду. Убакыттын өтүшү менен имарат эскирип, жол менен тротуралар жарактан чыга берди. Анан калса акыркы бир жарым жыл бул жактагы өндүрүшчүлөргө аябай эле оор болду. Заводдун тагдыры караңгылыкка кептелип, имиш сөздөр айтылып, талаштуу кырдаал жаралып биз кездеги чоң ишкананы биротоло тушап койду. Ишкерлердин көбү эртеңки күн кандай болорун билбей инвестиция салуудан кооптонуп турушту. Бирок, бүгүн абал башка, үмүттүн шооласы жанды. 2025-жылдын 29-майында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Фрунзе заводуна келип, талаштуу маселеге чекит койду. Ишкерлерди мамлекет ар тараптан колдоого аларын убадалаган. Аны менен катар заводдун тегерек четин иретке келтирип, көрктөндүрүү тапшырмасын берген. Менчик ээлери, жергиликтүү бийлик менен биргеликте алгач аймактагы таштандыдан арылып, жолдорду оңдоп, жарыктандыруу системасын калыбына келтирип, короону жашылдандырышты. Жыйынтыгы жаман эмес...

Смотрите также