Үйдү бүтүрбөсөң кетпей ушул жерде жатабыз! "Бренд хаустун" кардарлары кайра чогулду/4-бөлүк
"Бренд хаус" компаниясынын кардарлары 7-июлда кайра чогулду. Анткени бир жума мурун директору Нурлан Эшбаев ушул күнгө чейин курулушту жандантам деп убада берген. Аны көргөнү биз дагы бардык, бирок жарытылуу иш жасалбаптыр. Ызаланган эл бийлик жетекчилерине кайрылып, катуу көзөмөл кылууну суранышты. Ал эми компаниянын жетекчиси бүгүн кечинде бетон куюу иштери башталарын, 150 тонна арматура түшүрөрүн айтты. Аны да күтө туралы. Ал арада "Солнечный" турак жайы да бүтпөй жатат деп кардарлары нааразы болуп чыгышты. Бул жакта эки блогун "Бренд хаус", калган экөөнү "Эмаком" курмак болгон. Азыр экөө тең бүтпөй турат. Айласы кеткен жарандар "бүтпөсө да ичине кирип жашайбыз" деп жатат.