Камалып кетесиңер! Орунтаев курулушу бүтпөгөн компанияны "камчылады"/ Немец кварталы
Бишкектин түштүк тарабыгандагы "Немец кварталы" деп аталган турак жай комплекси көптөн бери бүтпөй турган. Жашоочулар курулуш министрине арызданган экен, бүгүн Нурдан Орунтаев келип текшерди. Мында 3 блогуна эл кирип жашап баштаган, бирок эксплуатацияга бериле элек. Мындан улам свет, сууга коммерциялык баа менен үч эсе көп төлөп жатышканын айтышты. Калган 2 блогу болсо бүтпөй турат. Кардарлар акчасын төлөп бүткөнүн белгилешти. Буга жооптуу НБК курулуш компаниясынын директору бир инвестор акчасын эрте чыгарып кетип жана кошумча каражат салбай жаткандыктан ушундай кырдаал жаралганын айтууда. Орунтаев болсо компанияга ультиматум коюп, 10 күндө алгылыктуу иш жасалбаса, президент Садыр Жапаровго маалымат жеткирип, катуу чара көрөрүн эскертти. Буга чейин "Раян групптун" директору да эскертүүлөрдү укпай койгондо камалганын белгиледи. "Эртеңден баштап ушул жерге курулуш материалдарын алып келип түшүрүңүз. Тезирээк бүтүрүп бериңиз. Ал эми берки үч блоктун доументтерин тездетип, 1,5 айдын ичинде эксплуатацияга беребиз", — деп убадалады министр. Ошондой эле ал бир кызматкерин курулуш компаниянын директоруна көзөмөл кылуу үчүн калтырып кетти. Ал бүт жумуштарын жеринен көрүп, Нурлан Орунтаевге маалымат берип турмай болду.