Проза // Адилет Атамырзаев // Чыңгыз Айтматов "Эрте келген турналар" (повесть) үзүндү
Чыӊгыз Айтматов “Эрте келген турналар” (повесть) үзүндү Сүйүү менен көз ачалы таӊ атса, Сүйүү менен көз жумалы күн батса. Ушул ырды эстеп, бир ой кылт этти: Мырзагүлгө кат жазсам кандай болот? Уялбай, кысынбай, апкаарыбай ой-сезимимди кат аркылуу алыстан ачык айтып алыштын амалы табылды. Катты баштаар алдында аябай толкунданды. Эмнеден баштаарын билбей бир топ ойлонуп отурду. Андай баштайын десе да, мындай баштайын десе да ылайыгы жок, бөтөнчө баштагысы келет. Баарыдан мурун Мырзагүлдүн сулуулугун жазайын деди, бул айылда, атүгүл бүт дүйнөдө, жок бүт ааламда. Класста отуруп, сени гана тиктей бергенден башка мага бу дүйнөдө жыргал жок, сенден башка сулуу жок деп жазмакчы болду. Бирок азыр шарт башка, десант болуп мектепке бара албай калдым, качан барарым дагы белгисиз. Ошол үчүн сени кээде гана көрүп калам да, кайра көргүчө сагынып, кыйналып жүрөм. Сагынганы ушунчалык, кээде каӊырыгы түтөп ыйлагысы келет. Бирок аны катка жазып, жашыктыгын моюнга алыш эркектин иши эмес да. Ал эмес, окуп жүргөн кай бир кездеги оройлугун, кээде олдоксон тийишип өткөн учурларда Мырзагүл бекер эле жаа бою качып жүргөн, себеби Султанмурат сыртынан оройлонгону менен, ичи жылып, жүрөгү элжиреп келип тийишчү. Мына ушуну жазыш керек эле. Анан ток этер жери, ошондо жоон топ окуучулардын ичинен Султанмурат сүйгөнүн жазбай тааныганын, чындап сүйөрүн мына ошондо билгенин, балдар болсо ылдый чуркаганда Мырзагүл да кулачын жайып, учкан куштай боюн таштап жүгүргөнүн өмүр бою жүрөгүнө элес кылып батырып алганын жазмак болду. Кулачын жайып, дөӊдөн ылдый жүгүрүп келаткан Султанмураттын сүйгөн сулуусу эле, сулуусу эмес шаркыратмадай куюлган, жалындай алоолонгон, комуз күүсүндөй сезим өйүткөн сүйүүсү деп жазмак болду... Терезедеги чырак эки-үч жолу бүлбүлдөп, билигин эки-үч жолу чоӊойтту. Кат болсо дале жазылбай жатты, айтар ойдун жоктугунан эмес, көптүгүнөн кагаз улам айрыла берди. Февралдын ызгаардуу караӊгы түнү чыйрыктыра басып турат. “Ушул түнү мен жана менин Мырзагүлүм экөөбүз гана ойгоо отургандайбыз” ‒ деп ойлоду Султанмурат. Акыры ал катын баштады. “Ашыктык кат” деп башына кооздоп жазды да, анан: “Ушул алакандай кагазга жүрөгүмдү ороп, сулуулугу караӊгы түндөгү чырактай көзүмө жарык, көӊүлүмө жылуулук берген айлымдагы “М” тамгага арнаймын” деди. Анан дагы бүт өмүрүн сүйгөнүнө арнаарына ант берди. Сүйөм жалгыз сени гана, Сүйүүм күчтүү жалгыз сага. Сыр чечишип олтуралы, Сүйүү колун берчи мага. #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение