G
enby!

Монолог // Курманбек Касымов // Орозбек Бодыков "Ата жүрөгү" (элегиялык драма) - Ормон

Орозбек Бодыков “Ата жүрөгү” (элегиялык драма) Ормон Дүйнө өзү “ата” деген ыйык сөздөн башталгандай сезилет. Бирок, мага өз атамдын мээрими буюрбады... Жети жашымда, мектептен кайтып келатсам, үйдө боз үй тигилип туруптур. Айылдын эли казганактай жаалашып, алдыман тосуп чыгышып, белиме жоолук байлап, колума таяк карматышты. ‒ Өкүр! Жалгыз туяк! Шоруң каткыр, өкүр! ‒ дешти. Боз үйдүн капшытында, артты карап отуруп, жаштайыман бөйрөк таянып алып, өкүрдүм... Мен атама аябай таарындым. Мага айтпай эле келбес жакка кеткенине таарындым. Коштошуп кетсе го?! Көп өтпөй апам турмушка чыкты. Мени кошо ээрчите кетти. Ошол күндөрдү эстесем, жер кунарсыз боло түшөт. Апам таптакыр чоочун адам менен өмүр сүрө баштады. Атам ошондо эки өлдү. Атам ошол адам үчүн өлгөндөй, мен аны өтө жек көрүп жүрдүм. Апам экөө каткырышып, алда нени сүйлөшүп калышса, ал мени мазактап, көз көрүнөөменин ырысымды тартып алып, өзү жыргап аткандай боло берчү. Бат эле чоңоюп, ушуга алым жетсе, үйдөн кубалап чыгып салып, эч качан киргис кылып коркутуп коём дечүмүн. Эч эле аны менен жалгыз калгым келчү эмес. Ал мени менен жалгыз калса эле, эч кимге көрсөтпөй, өлтүрүп туруп, катып койчудай корккон да күндөрүм болду. Мен ага сүйлөчү да эмесмин, сүйлөгөн сөзүн укккум да келчү эмес. Ал дагы бөтөн адам экенин жашыраалбай, комсоо карап тура берер эле... Апам кайтыш болгондо тогузда болчумун. Али эсимде, апамдын табытын алып, көрүстөнгө жетип калганда жамгыр көнөктөп төгүп кирди. Балким, ал, маркум апамдын ак пейилине табигат берген жышаандыр. Апамдын табытын мүрзөгө коер мененжамгыр тык токтоду. Асман күрсүнгөндөй болду да, айлана дымып калды. Ыйыгы солкулдаган атамды карасам, көздөрүнөн куюлган жаш ак жаанга айлангандай, токтобой агып туруптур. Мурда мага тоодой көрүнүп турчу тулку бою кичирейип, жүзүндөгү бырыштары ого бетер кайгысына кошулуп, көбөйүп кеткенсиптир. Ошо замат алкымыма ачуу жаш тыгылып, ичимди ысытып жиберди. Анан өңгүрөп кое бердим. Мага асман кошо сынып-сынып кеткендей, эч эле бу дүйнөдөн үмүт кыла албай турдум... Бир жумшак кол башымдан сылады... Бир тамчы жаш бетиме тамды. Бир ысык илеп көөдөнүмдү ороп өткөндөй болду. Атам экен... Мени бооруна кысып алды да, өңгүрөп көөдөнүнө кысты. Мени бир үн баарынан сооротуп тургансыды. Жакшылап аңдасам, атамдын соккон жүрөгү экен. Бул жарык дүйнөдө мындан башка мага эч нерсе калбаганын ошондо сездим. Мен атамдын ысык кучагынан чыксам эле, асмандын алды бош калып, тоо-талаа жайдакталып, ааламга түн түшүп калчудай көрүндү. Анан анын көкүрөгүнө ого бетер жабыша түштүм. Ошол күндөн баштап мен кайра аталуу болдум. Атакебайым ай! Мен аны кайсы күнү үйгө аял алып кирип келет деп жүрдүм. Кээде, үйгө түнөбөй калган күндөрү, “Ал чын эле кетип калдыбы?”, “Ал мага эч нерсесин айта албай, жөн эле кетип калган болсочу?” деп шекшинчүмүн. Жок, эч нерседен капары жок, жайдаңдап келип калчу. Анан ошондогу менин сүйүнгөнүмчү (эреркеп ыйлайт). Ал мени эч таштай албай койду. Мен анын мындай жүрөгү бар экенин мурда кайдан билейин. Кайдан билейин! Таптакыр, кайнаса каны кошулбаган чоочун бала үчүн, бу дүйнөдөн так өтүүгө баш байлоо деген эмне! Мен буга эч акылым жетчү эмес. Көрсө, кудайдын дагы бизге камдап койгон тамашасы бар тура… Дүйнөдө меникиндей ата эч кимде жок. Ооба, эч кимде! Ал мен үчүн бул өмүрдүн эң бир таттуу көз ирмемдерин садага чапты. Ал мен үчүн жанын отко салып жашады. Бир канатын сууга салып бакты, чоңойтту, өстүрдү, адам катарына кошту. Ал менин өз атамдын өмүрүн улады. Ал өлгөн адамды бир башкача мээримдүү тирилте алды! Атакем ай, өз атам болсо да, өз милдети эле деп, капарыма албайт элем. А мен анын мынчалык адамзатта жок жакшылыгынан кантип кутулам билбейм... Ал мен үчүн жүрөгүнө түшкөн тоону да оодарып таштап туруп келди. Атаке, сизге жолуккан тагдырымды мен миң кучактап өбөм! Мен дүйнөдө эң бактылуу жетиммин! Мен эӊ бактылуу жетиммин! Зарлык Бабаевдин котормосунда Инсценировкалаган Кыял Таажы #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также