G
enby!

Жанкороз ажы Бердикожо уулу ким болгон?

Жанкороз кичинесинен эле кайтпас, калыс, адилеттүү тайманбас бала болчу. Ал арада атасы Бердикожо каза болду. Жанкороз таятасы Бешкемпирдин тарбиясында тарбиялана баштады. Бешкемпир датка өзү баатыр, эл бийлеген нарк-насилди, каада сатты мыкты билген, диндар, такыбадар адам эле. Небереси Жанкороз да аны ээрчип жүрүп, илим алып, беш убак намазын калтырбастан окуп, отуз күндүк орозосун карманып, өтө диндар болуп жетилет. Атүгүл Жанкороз дал ушул таяасынын жанында жүрүп Куранды бүтүндө жаттап, Куран хафызы болот. Бир күнү Жанкороз Узун-Акмат суусунун жээгинде уктап жатып таң калычтуу түш көрөт. Түшүндө Кызыр (а.с.) келип “Ай Жанкороз балам! Уктап жата бересиңби, турбайсыңбы?” дейт. Жанкороз чочуп ойгонуп кетип, Кызыр (а.с.)дын Узун-Акмат суусун кесип өтүп кетип атканын көрөт. Окуяны таятасына Бешкемпир даткага айтып берет. Бешкемпир датка бул окуядан Жанкороздун касиеттүү бала экенин баамдайт да, өз элиңе, Таласка барып, ошол жактан элиңе кызмат кыл деп айтат.

Смотрите также