G
enby!

Казыбек Токтобаев / Шайлообек Дүйшеев "Эсиңе кел"

Шайлообек Дүйшеев “Эсиӊе кел” Тоолордун уч жагында, Кыргыздын кыштагында, Дубал турат темир-бетон Табытка окшоп өлүксалган. Дубалдын аржагына Адамдар аз келишет башыбүтүн, Тагдыры, Ташы бүтүн, Казанда ашы бүтүн. Таш дубал аржагында Балдарын эркелетип кечки иңирде, Бапырап бата берип, Балпайып төрдө олтурар мезгилинде Куу тумшук аталышып, Куулган теңиринен, Куулган кыз-уулунан, Келининен, Карыган кемпир жүрөт, Карыган чалдар жүрөт, Башпаанек таппай койгон, Балдары бакпай койгон. ‒ Таласым, Таласым! ‒ деп, Таласын көралбай бир, Тамагы, тартибине көналбай бир, Таласын беш маал тилеп кудайынан, Таластын топурагында өлалбай бир, Таласта жүргөндөгү дымагы жок, Таластык кемпир жүрөт, Жарыктык ай, Бир чөөгүн чайдан башка зыяны жок! Там, мүлкүн талап алып, Талаага кууп салган жакындары, Куурагыр, Куудай кылып чачын дагы, Өзү жууп өз кайгысын башындагы, Таластык кемпир жүрөт Пайгамбар жашындагы. ‒ Кагылайын калайык! Калкыңа Талас баткан, Каныкей, Манас баткан! Калкыңа Кыргыз баткан, Кадимки Чыңгыз баткан! Бир кемпир баткан жокпу, Бир кемпир баткан жокпу??? Көр кылды го көңүлдү азыр заман, Көчүп барат көзүмдөн акыр заман, Тарыхыңда кыргыз эл жок эле го, Ата-энесин кыз-уулу батырбаган? Жыгачты курт жегендей, Кишини дарт жегендей Мээмди ой жеп келет каңгыган бир, Бул жерде кемпир жүрөт Ат-Башынын Ак-Муз деген айлынан бир, Ат-Башы жакты билем, Ак-Музду жакшы билем, А бирок Көргөндөн соң, Багуусуз калган жалгыз кемпирди мен, Жүрөктү таш баскандай Басты күнөм! Тоо баткан Ат-Башыга, Токой баткан, Ат-Башыга Алмамбет, Кошой баткан, Асыл жер айланайын, Бир кемпир баткан жокпу??? Куурайдай арыктаган, Куурап турат, Денесин кармана албай, Бүлкүлдөп ыйлап турат: ‒ Карыганда тайкы болду бактым неге, Кайгынын каргышына баттым беле, Же маңдайга кетпес шор жаздың беле? Өзүмдүн жатынымдан чыккан кызды Өзүмдү кууп чыксын деп бактым беле? ...Сенделип басып калган, Сексенден жашы небак ашып калган Кемпир жүрөт Тянь-Шандык Айша деген, Кейпинен азып калган. “Жүрөктө айыкпаган жарам бар” дейт, “Үйүм бар Тянь-Шандын Оттугунда, Үйүмдөн кууп чыккан келиним, балам бар” дейт. “Өмүрдү өчөрүндө муз кылбай” дейт, “Өзүмдү өз уулума муш кылбай” дейт. “Кудай ай, алып тынсаң болот эле, Куураган күндү мага туш кылбай” дейт. Маал жетсе ушул жерден өлөт дешет, Мал өлүп калган өңдүү көрөт дешет. Эки-үчөө тележкага салып барып, Трактор менен чукуп көмөт дешет. Мезгилдин жолунда куюндаган, Агызып жатат жылдар Айылдын ыйын маган, Кокустан эртең алар көз жумушса Киндик кан тамган жерден Топурак буюрбаган, Чалдарды ата кылып алып калганга, Кемпирди эне кылып алып калганга, Кагылайын, кыргызым ай, Кыштагың, Айлыңан бир, Жан адам чыкпаганга арданам бир! Ырысыбыз безип барат боздоп ары, Ыйманыбыз кетип барат коштоп аны Этке мал тапшыргансып, Тапшыра башташты азыр карыларын Көлдө дагы, Чүйдө дагы, Ошто дагы... Кыз-уланы улуусун барктачу эле, Кыянаттык иштерге баспачу эле. Кыйын кезде итин да таштабаган, Кыргыз качан карысын таштачу эле? Карачы, Канчалаган ГЭСиң туруп, Карайлап чырак жаккан калааңды, кыштагыңды, Карачы, ич жагыңды, Тыш жагыңды? Карачы, дүкөндөгү Көк сүттү, быштагыңды? Карачы, уулдарыңды, Колуна бийлик тийсе Корсоңдоп өз элине манап болгон? Карачы, кыздарыңды? Кыздарың кырчынында талак болгон, Кымызың кымыз эмес чалап болгон, Балдарын таштаганы аз келгенсип, Эми бизде Атаны таштамай да, Энени таштамай да Адат болгон! Каалайсыңбы, Кыргыздын кем болушун? Караңгыдан чыкпастан жем болушун, Оозуң кана дегенге мурдун айтып, Каалайсыңбы, Жер менен жер болушун? Токтогула! Энесин таштаганды, Атасын таштаганды Эл-журтка кошпогула! Кыргыздар, Токтогула! Токтобосоң Кайгы-муң каптайт бир күн, Каныңды кактайт бир күн, Энесин таштагандар, Эртең эле башыңа азап түшсө, Элин да таштайт билгин! Атасын таштагандар Ата Журтун таштайт билгин! #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также