Жолборс чайнаган чаар тулпар
Аксы жеринде Калназар менен Кайнар аттуу эки бир тууган жашаптыр. Улуусу Калназар бала-бакыралуу, оокаттуу болсо, Кайнар баласыз өтөт. Бирок ал абдан боорукер, элден эч нерсесин аябаган адам болгон. Агасы менен бирге жылкы багып, ат таптап, аңчылык кылышкан. Алардын жылкылары башка жылкычылардыкынан айырмаланып турчу. Айгыры да чаар (азыркы тил менен айтканда аппалуза), көзүндө оту бар тулпар эле. Эл арасында «чаар айгыр» аталып, өзүнчө бир даңаза болгон. Бир күнү эртең менен жайытка чыгышса, жондо куйругун булаңдатып, кыңайып жаткан бир жандык көзгө урунат. Жанына барышса - жолборс! Башы жарылып, денеси канжалаган, деми кысылган, чала жан экен. Көрсө, жолборс жылкыга тийип, катуу кармаш болуптур. Бирок чаар айгыр жырткычка каршы туруп, жолборсту жара тебет. Тепки жеген жолборстун башы жарылат чаар айгыр жылкыларды сактап калат. Бул окуя заматта бүткүл Аксыга тарап, андан ары Коконго чейин угулат. Кокон ханы Кудаяр, укмуштуу айгырды укканда, таң калып: Мага ошол жолборс тепкен чаар атты алып келгиле! - деп буйрук чыгарат. Элчи аркылуу чакырык келгенде, Калназар менен Кайнар бир ооздон макул болушуп, жолборсту союп, терисин алып, айгырдын үстүнө жаап: Ушул айгырды өзүбүз коштоп баралы, - дешип, аттарын токуп, чаар айгырды коштоп, Коконду көздөй жол тартышат. Хандын алдына жетип, жолборстун терисин жамынган чаар айгырды тартуулашат. Кудаяр хан аларды татыктуу тосуп алат, сый көрсөтөт. Калназар менен Кайнарды узаткан соң, Кудаяр: -Бул айгыр анчалык деле көзгө толумдуу эмес экен. Бою пас, мойну кыска. Ээси менен бул атка бир оомат келген турбайбы. Кандайча жолборско каршылык көрсөткөнүнө таңмын. Муну жаркылдатып эл алдына деле мине албаймын, көркомсүз, жоого деле жарабайт го. Көргөн эл Кудаяр жүдөө ат минип калыптыр деген сөзгө да калбайын. Тартууга келген атты кайра башка бирөөгө да белекке бергеним урматсыздыкка жатар. Аксылык тагаларымын көңүлүнө кетпесин. Андан көрө үстүнө килем жапкыла да, кое бергиле. Өз күнүн көрсүн,-дейт. Кандын жигиттери үстүнө килем жаап, сарайдан алып чыгып, талаага кое беришет. Ошондо чаар тулпар күндүз жүрүп, түнү эс алып, жолдон жаңылбай, ээсин издеп, эч кимге карматпай, жанына эч кимди жуутпай келген жолу менен Аксыга, өз үйүрүн таап, барып калган экен. Аны көргөн эл: Бул дагы бир керемет болду. Камбар ата тукуму деп ушуну айт. Тили гана болбосо, адамдан артык акылга ээ, көзүнөн мекени учкан, ээсинин элеси сиңген жаныбар,-дешип тамшанышкан. Элге колунан келген жардамын аябаган Калназар менен Кайнар саруу уруусунун бешкаман уругунан чыккан азаматтардан болгон. Жылдар жылга алмашып, эки бир тууган карыып, биринин артынан экинчиси о дүйнөгө сапар алышат. Элдин муңу оор болуп, кошок кошулуп, бул саяпкерлер чоң сый-урмат менен узатылат. Ошондо алардын кылган иши менен кошо чаар айгырдын да даңазасын кошокчулар минтип кошушкан экен: Кашка-Суу чыга жайлаган, Карагер кулун байлаган. Түп атасы бай өтүп, Айгыры жылкы чайнаган. Сары-Камыш чыга жайлаган, Сарала кулун байлаган. Түп атасы бай өтүп, Айгыры жолборс чайнаган. Күндөр айга, айлар жылга, жылдар кылымга алмашса да ушул даңаза азыр дагы ошол бешкамандардын арасында сыймык менен бала бакырасына мурас сыяктуу айтылып келет.