Суусамыр: курулушу кечиккен жол, шерменде кылган компания/ Жумушчулар акысын ала албай жүрөт
Суусамырда жол оңдоп жаткан "Альянс капитал KG" компаниясына техникалары менен барып иштеп эки-үч айдан бери акысын ала албай жүргөн жарандар кайрылышты. Жалпы суммасы 10.6 млн. сомду чапчыйт. Быйыл жазда Суусамырдагы жолду оңдомок болуп, 52 чакырымын кытайлык China Road, дагы 52 чакырымын "Альянс капитал KG" алган. Бул ишкананы өзбекстандык ишкерлер негиздеп, Кыргызстанда былтыр декабрда катталган. "Жаңы эле ачылган компанияга өкмөт мындай оор жумушту кантип берип койду?" деген суроо жаралат. Аягында минтип шерменде кылып жатат. Толук техникасы жок келип, ар кимден ижарага алып, чампалап эптеп иштептир. Жайдын ысык күндөрүн ушинтип өткөрүп ийген. Буга чейин Камчыбек Ташиев текшерип барганда жолдун 85 чакырымы быйыл сентябрда бүтөрүн айтышкан. China Road эле бүтүрбөсө, булардын убадасын аткарышы күмөн. Транспорт министри Абсатар Сыргабаев болсо "жол да бүтөт, жумушчулардын акысы 10 күндө берилет" деп убадалады.