G
enby!

Оомат алып келген ит

Өмүрбек он жылдан ашык мезгилдерден бери колхоздо малчы. Мээнеткеч, өз ишинин майын чыгарган жоопкерчиликтүү адам. Ошондой аракетчилдигинин натыйжасында жыл сайын Фрунзеде өткөрүлүүчү айыл чарба көргөзмөсүнө чакырылат. Бул жылы болсо республикалык съездге делегат катары катышууга жолдомо алды. Съездде Өмүрбек үчүн абдан маанилүү деген маселелер да козголду. Ошондо жарыш сөзгө чыгып, мал чарбачылыгындагы көйгөйлөргө токтолду. Аны кантип чечүү жолдорун сунуш катары ортого салды. Ошондо анын сунуштарына кызыккан Арымбек танаписте атайын басып келип таанышты. Ал Таластан келген алдыңкы чабан эле. Бат эле пикирлери туура келген эки кесиптеш бири-бирине мал багуу боюнча өз ыкмаларын айтып, ынак болуп кетишти. Съезд бүтүп, кайра эле кайнаган жумуш аларды өз айылдарына тартып кетти. Койлорду кыркымга, андан соң жуутка, кийин июндун баш ченинде жайлоого айдоо керек. Үч-төрт ай ал жакта болушат да, күз келери менен куут башталат. Арымбек менен Өмүрбектердин жайлоолору бир ашуунун эки тарабы болуп, канатташ жакын экен. Арымбек Фрунзеде Өмүрбек менен коштошуп жатып, жайында алардын жайлоосуна барарын, өзү кызыгып багып жүргөн асыл тукумдуу жылкыларынан бирди жетелеп аларын убадалаган. Анткени сөз арасында Өмүрбек жылкы күтүп, бирок мыкты асыл тукумдуу айгыр таба албай жүргөнүн айткан эле. Чабандар күткөн жай. Каникулга тараган балдарын алып, боз үйүн жүктөп, Өмүрбектин үй-бүлөсү да июнь айынын башында жайлоого бет алды. Жайлоо - башкача дүйнө. Абасы таза, жыпар жыттуу. Асманда күн жаркырап, ак булуттар ээн-эркин каалгып жүрөт. Көк майсаң, тоо этегиндеги жайыттарда оттогон койлордун маараганы, шар аккан суунун дабышы, желеден узап кете албай, кишенеп кайра кулундарына чуркаган бээлердин үндөрү шамал менен алыска-алыска тарагансыйт. Өмүрбек колхоздун коюн алгандан бери бир гана журтка конот. Башка журт которбойт. Анткени ал төр өтө кенен, малга да жайлуу. Айланадагы бөксө тоолор жапжашыл болуп, ак, сары, көк, кызыл гүлдөр жайнап, тукабадай кооз көрүнөт. Сай жээгиндеги жалбыздын жыты буркурап мурунду жарат. Ал эми күн баткан учур да өзгөчө керемет. Ачык кызыл күүгүм түскө боёлуп, сүрөтчү жараткан полотного окшошот. Жайлоодогу аткан ар бир таң Өмүрбектин үй-бүлөсү үчүн мындайча башталат. Бир баласы менен кой жайганга Өмүрбек өзү кетет. Улуусун жылкыга жөнөтөт. Эртелеп айдап келип, кулундарын байлоо керек. Байбичеси болсо уйларын саап, кызы кемегеге от жагып, саалган сүттөрдү ысытат. Сүт тарткан машинеден каймагын ажыратышат. Тартылган көк сүт менен ынак сүттөн аралаштырып айран уютушат. Аңгыча жылкылар келет, кулун менен жарышып чуркап, аларды кармап, желеге байламай. Анын артынан жайылган койлордун алдын кайрып Өмүрбек да баласы менен таңкы чайга келишет. Чай ичкени чай, кымыз ичкени кымыз ичип, казанга каланып бышкан ысык нанга каймак матырып жеп, балдары менен кобурашып, өткөн-кеткенди сүйлөшүшөт. Боз үйдүн алдында кымыздан уурттап, койлор жайылып жүргөн талааны карап отурсаң кандай керемет!.. Мына ушундай күндөрдүн биринде баягы Арымбек буурул кунанын жетелеп келип калды. Өмүрбек буурул кунанды абдан жактырды. Сынына тамшанып: Баралына келгенде мыкты айгыр болчудай,-деди. Андан кам санаба. Бул менин сага тартуум болсун. Анан жакшы ит дагы бизге окшогон малчыга абдан керек эмеспи. Сага немис овчаркасынын күчүгүнөн да ала келдим. Ой, бали! Канча мезгилдерден бери ушундай итке жетпей жүрдүм эле. Ырас кылбадыңбы. Абдан кубанттың мени, рахмат сага. Буюрса абдан мыкты ит болуп берет. Жакшылап үйрөтсөң, тамагын мыктылап берсең эле кызмат кыла турган иттерден. Энеси абдан акылдуу ит. А, жакшы. Жортуп калган тура. Эми жайы менен балдар бекер жүрбөй, итти машыктырат,- деп балдарына кайрылды. Анда кичүү уулу: Макул, ата! Овчаркалар сулуу болот, кулактары тик, акылдуу дагы. Колубуздан келишинче үйрөтөбүз. Эжекемдин “Менин жайкы каникулум” деген дилбаянына овчарка итти кантип машыктырганым тууралуу жазат турбаймынбы, - деп кубанды. Баары баланын жообуна күлүп калышты. Иттин аты Куткарбас болду. Куткарбас жаңы келген күндөн тартып эле үйдүн көңүл чордонунда. Балдары күчүккө аяр мамиле кылышат. Уулу Кубандын китепканадагы журналдан кинологдордун ит үйрөтүү ыкмалары тууралуу маалыматты окуп калганы бар. Ошондогу ыкмалардан колдонуп, күчүгүнө буйрук берип, аны аткартууга үйрөтө баштады. Адегенде "отур", "жат", "кел" деген жөнөкөй буйруктар берилди. Куткарбас аларды ыкчам үйрөндү. Кийин “койго бар”, “кайрып кел”, “алдын тос”, “үрбө” сыяктуу мал багууга керектелүүчү буйруктарды да үйрөттү. Кубан бир күнү итке тамак берүүнү унутуп калат. Ошондо Куткарбас кадыресе таарынып, чакырса келбей, буйруктарын аткарбай койду. Оо, бул ит таарынганды да билет турбайбы! – деп, Кубан абдан таң калган.

Смотрите также