“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”
Элмира Абдыкалыкова - сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон чоң атасы тууралуу жарым кылым бою эч нерсе айтпай жашырып, коркунуч менен жашаган муундун өкүлү. Чоң атасы Абдыкадыр Орозбеков советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон.