G
enby!

Күнөөсүз күнөөкөр

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гана, Маматбек согуш ардагерлеринин катарына кошулду. Бирок кеч эле. Ал мезгилде эки көзү көрбөй калган... Бул көргүлүк согуштун, түрмөнүн кесепети. Маматбек согуштун акыркы жылдарында чалгынчылык кылган. Алар алты-жети гана аскер бир команда болуп, немистердин согуш талаасындагы жайгашкан жерлерин, чабуулун алдын ала Советтик Армияга кабарлап турушкан. Мына ошол чалгынчылыкта жүргөн жети аскер бүтүндөй колго түшкөн. Алардын кимиси каерде кандай тагдырга туш болгону белгисиз. Эгер алар да тирүү болгон болсо, Маматбек сыяктуу өмүр бою “саткын” деген коркунучтуу күнөө менен азап тартышса керек. Анан ал жерден араң качып кутулса, кайра совет өкмөтү түрмөгө он жети жыл камап шорлотту. Ошонун натыйжасында анын жасаган бир канча эрдиктери "туткун" деген коркунучтуу сөз менен жуулуп кетти... Маматбек кээде иниси Өзүбекке арманын айтып калар эле. -Сенин атаң (бир тууган агасы) согуштун четин эле көрдү да. Бирок сыйды көргөн ошол. Ага каршылыгым жок. Ошентсе да кээде ичиң өрттөнөт экен. Анткени чыныгы согушта мына мен бодум. Финдер менен да, немистер менен да жан аябай салгылаштым. Кийин партизан болуп согуштум. Мага көп сыйлык ыйгарышкан. Ошол оңбогон немистерге туткундалганымда, сый – урматтын баары алынды. Наамдарымдын, төшүмө толгон орден медалдарымын баары бир тыйынга да арзыбай калды. Анын ордуна шүмшүк, саткын атандым... Күнөөсүз түрмөгө камады. Менин күнөөм кайсы?.. Колго эле түшүп калганым болбосо, ажал менен кармашкан мен элем го? Ушинтип айтып, жер муштап, өксүп-өксүп алат. Бугун чыгарып, инисине ыйлайт. Мени сен гана угасың, сен гана түшүнөсүң. Ушу совет өкмөтү канчалаган мага окшогон күнөөсүз күнөөлүүлөрдү азап чектирди. Мен бул өкмөткө нааразымын, оңбосун. Акыры бул өкмөт кулайт,- деп буркурайт. Анын айтымында, өмүрүн “он жети” деген коркунучтуу сан коштоптур. Он жети жыл Сибирде сүргүндө жүрсө, кийин өмүрүнүн акыркы он жети жылын көзү көрбөй, күнү да түн, түнү да түн болуптур. Айтканга оңой болгону менен, инсан төрөлгөндөн эс тартканчалык убакыт да, ошол оңбогон он жети жыл... Кудай ушул азаптарын эске алганбы, айтор, Маматбек токсон жети жыл өмүр сүргөн. Иниси Өзүбек бу киши менен абдан жакын мамиледе болгон. Ар барган сайын уккан, көргөн жаңылыктарын айтып берип. Маматбектин көөдөнүндөгү боштукту толтуруп кайтат. Өмүр бою агасынын санаалашы, сырдашы, ишенген жөлөгү болгон. Сый-урматы да ошончо эле. Бир жолу Маматбек абышка: Мен качан өлөм, аны бир кудай билет дечи. Ойлоп көрсөм бул жашоодо жыргалыман кууралым көп болду. Өзүш, ишенесиңби, балалык чагымда колхоздоштуруу, басмачыларга каршы күрөш болуп атып, араң өзүбүзгө келсек, кайра эле согушка алып кетти мени. Ошентип жыйырма үч жылым согушта, түрмөдө болуп өтүптүр. Айылыма чейрек кылымдан кийин келдим. Менден улуу акем согуштан кайтпай калган, анын жесирине үйлөндүм. Бирок балалуу болбодук. Бала деп канча зар какшадым. Кийинчерээк байбичем өзү дагы бир жесир жеңеми тапты. Ага нике кыйдырдым. Кудай жалгап, ал уул төрөп берди. Бирок байбичем экөө келишпеди. Акыры уулун таштап, төркүнүнө кетип калды. Байбичем Куттубекти туубаса да, тутунган энеси. Өз баласындай тарбия берди. Куттубек эр жетип үйлөндү. Тогуз балалуу болду. Жалгызым эми очор-бачар, ушунусуна да кудайга ыраазымын. Көзүм көрбөсө да ошолор мага көз болуп, ары-бери жетелеп жүрүшпөйбү? Өлсөм аталап ушулар өкүрөт... Минтип алмадай болуп бышып отурабыз. Бат-баттан кабар алып келип тур,-деп иниси келген сайын айстейдил өтүнөт. -Албетте келем, колум бош болсо эле сизге чабам. Ээ, көздүн көрбөгөнү азап да...- деп демин ичине тартып, кээде ушул жашоосуна ыраазы болсо, кээде муңайып отуруп калат. Ушундай баарлашуудан кийин Өзүбек: Мамат акеме кудай дагы сабыр берсин, өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгүн көзү жок өткөрдү, пай-пай-пай,-деп, ар дайым ага барып келгенден кийин ичи эзилет, аяп кетет. Ошентип, кылымга тете жашаган Маматбек абышка дүйнөдөн өттү. Андан соң жыл айланбай байбичеси да артынан кетти. Баса, байбичеси экөөнүн ортосунда бала болбосо да абдан ынтымактуу, эриш-аркак жашашты. Бири жашоонун акыйкатсыздыгына күйсө, бири согончогу канабай, баласыз өткөнүнө күйдү. Ошол күйүттү бири-бирине болгон сый мамилеси, колдоосу гана унутта калтырып жатты. Кийин Куттубекти багып чоңойтушту. Ошол бала булардын тагдырындагы кудайдын берген белеги эле. Тегирменчинин жалгызы Куттубек азыр атасынан калган тегирменди иштетет. Сай боюндагы кичинекей үйдөн дүкүлдөгөн үн менен суунун шаркыраган добушу аралашып, кулакка бир топ атчан жоокерлердин майданга чаап бараткандагы дуулдаган сүрдүү үнүндөй бир башкача угулат. Анын ар бир дүкүлдөгөн үнү Маматбектин өткөн өмүрүн буулугуп айтып жаткандай сезим берет...

Смотрите также