G
enby!

Эненин күйүтү

Ал мезгилде Тажикан үй-бүлөсү менен колхоздун малын багып, жазда жаздоодо, жайкысын жайлоодо, күз келери менен кар түшкөнгө чейин тоонун боорундагы күздөөдө кой багышар эле. Кышында мал-келин айдап, Наманган облусунун Чартак районуна көчүп барып, атайын малчылар үчүн салынган кой кашарларга кышташчу. Союз доорунда, Өзбекстандын өрөөндөрүндөгү кой кашарларда кыргыз малчылары да кышташкан. Анткени баарынын сарайлары, жем кампалары, короолору бирдей шартта пайдаланууга берилген. Бир күнү Тажикандын жолдошу майда-барат жумуш менен Наманган базарына кетти. Булардын балдары жаш, тун уулу төрттө, экинчи кызы үчтө, ал эми кичүүсү тогуз айлык. Күйөөсү базардан кайтып келгенче, койлорду көзөмөлдөө Тажикандын мойнунда. Малчыларда көп деле коңшу болбойт. Бир кашарда эки чабанга ылайык бир эшиктен кирип, эки тарапка бөлүнүп жашай турган экиден бөлмөлүү үй. Ал эми койлору үчүн узун эки сарай. Ар коктуда чабандар ушундай шарттагы мал кашарларда кышташат. Чартакка кар аз жаагандыктан, күн ачык болгон убакта чөптү сарамжалдап, койлорду талаага жайышкан. Күздүн акыркы күндөрү аяктап, асманды сур булут каптап, муздак шамал кардан кабар айткандай. Сыртка чыккан адамды ичиркентет. Үйдүн ичи да муздак. Айрыкча балалуу үй-бүлөгө оор. Үйдө меш жок. Бул өкмөттүн үйүнүн кире бериши ашкана, ал жерде очок бар. Анан төркү бөлмө. Анда тамак ичишет, укташат. Ашканада жагылган от үйдү толук ысытып жыргатпайт. Ошондуктан, өзбектерди туурап булар да төркү бөлмөсүнө сандал жасашкан. Тажикан кемегедеги оттон түшкөн кыпкызыл чокту тепшиге салып көтөрүп келди да, сандалга төгүп, хан тактаны үстүнө койду. Калың пахта төшөгүн жаап, кымтылады. Балдарын сандалдын ичине буттарын салып отургузду. Алар кайдан отурат, бир аздан соң оюнга алаксып чуркап кетишти. Сандал - кышкысын үйдү жылытуунун салттуу ыкмасы. Үйдө жыгач полдун ордуна, тереңдиги бир метрдей, туурасы бир жарым-эки метрдей ор казылып, үстүнө хан такта коюлат. Хан тактанын түбүнө кызыл жалындан калган ысык чок салынат. Чоктун ысыгын сакташ үчүн үстүн калың пахта төшөк менен жабылат. Үстөлдүн алдына бут сунуп үй - бүлө мүчөлөрү менен уй мүйүз тартып тегеренип отурушуп, узун түндө өткөн-кеткенди кобурашып отуруу адатка айланган. Өзбектер болсо пияласын чайкап, буттарын ысык корго кактап чай ичишкен. Эл ичинде бут жылуу болсо, бүт денең жылуу болот деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Күйөөсүнүн тапшырмасы менен Тажикан талаага жайылган койлорду кайрып койбосо, башка чабандын койлоруна кошулуп кетет. Үй иштерине алаксып кеткен экен, бир убакта эсине келип, шашып калды. Кичүү кызы пахтасы калың салынып, тыгыз шырылган кызыл кыжым жуурканга оролуп уктап жаткан. Мен келгенче ойгонбос, жылуу жатса уйкусу да бекем болот деген ойдо ысыктын илеби келип турган хан тактанын алдына жакын жаткырды. Үстөлгө жабылган төшөктүн бир бурчун тартып жапты да, эки баласын чурулдап ойготуп жибербесин деп, коңшусунун үйүнө киргизип жиберди. Өзү тоону көздөй чуркады. Бала ойгонгончо жетишип калуу керек. Эгер ойгонуп, кыймылдаса кокустук болуп сандалга кулап кетпесин деген ой улам келип, жаман ойду улам кубалап, боордогу койлорду кайрып жүрдү. Күн кыскарган маал. Анын үстүнө бүгүнкү күндүн ырайы башкача, асманды сур булут каптап турат. Үйдүн ичи да күүгүм тартып суз. Кыздын көкүрөгүнөн чыккан жылуу деми сандалдын астындагы кызыл чоктун илебине аралашып, ысып чыкты. Чукуранып ары-бери буттары менен калың төшөктү тепкилеп жатып ойгонуп кетти. Канча убакыт өттү белгисиз... Бөбөк үн салды, бирок эч ким жок, үй тымтырс. Апасын издеп кыңкыстады. Бирөө басып келбеди. Ошондо оодарылам дедиби, айтор, кичинекей кыз сандалга кулап кетти. Чок ортодо үйүлүп турган. Кудай жалгап, ага жетпей, ороонун бурчуна түштү. Сандалдын төшөгү чокко тиер-тийбес абалда салаңдайт. Кичинекей Шайыргүл жөрмөлөп ордон чыгам деп жатып, чыканагы менен үйүлгөн чокту таянып алды. Күрөң сатинге пахтадан жука салып, тегиз шырылып тигилген бала чапандын жеңине илешкен чоктун кору түтөп чыкты. Улам тутанып отуруп, пахтага жетти. Пахтага чок тийсе, ал заматта сойлоп күйөт эмеспи. Күйүк кыздын сол кол ыптасын ысыта баштады. Бала чыркырап ыйлап жандалбастайт. Ошол учурда улуу уулу үйгө баш багып калды да, карындашын көрүп коркуп кетти. Сыртка чыгып “Апалап” чыңырып, апасынын кеткен жолуна түшүп чуркап жөнөдү. Койдун алдын кашарга кайрып коюп шашып келаткан Тажикан баласынын үнүн угуп, ого бетер коркуп кетти. Баласын көздөй арышын кең таштай баштады. Эне бала бири-бирин көздөй чуркап, бирок жетпей коюшту... Ошондогу жолдун узактыгы ай... Апа, апа,-деп энтигет. Эмне болду, айт! Шайыргүл, Ша-ша-ша... андан аркысы түшүнүктүү эле. Тажикандын деми кысылып, аба жетпей селейди. Буттары шилтенбейт. Үйүн көздөй чуркайт, бирок бир жерде жылбай тургандай... Ыйлап баратат, кудайдан “Чүрпөмдүн чымындай жанын алып кала көр” деп жалынып баратат. Акыры үйүнө жетти. Түтүн буралып сыртты көздөй аба менен каалгып чыгып жатыптыр. Сандалдагы түтүнгө демигип, кыздын үнү араң эле чыгып, солуктайт. Чыңырган бойдон орго чуркады. Эңкейип баланы ала койду.

Смотрите также