G
enby!

Кайрылып келген бакыт. 🎧 [Аудио китеп ] 📜

Ал жолдо келе жатты. Пальтосунун көкүрөгү эки жакка кеткен. Бир нерсеге ыза болгондой түрү бар. Жанынан өтүп жаткандарга, өзүн карап жылмая күлгөндөргө, таң калгандарга көңүл бурууга кудурети жетмек эмес. Көзүнүн жашы эки бети ылдый куюлуп туш келди кете берди: "Акмактар, менин сүйүүгө акым бар го. Неге мени түшүнүшпөйт? Мен дагы адаммын, сүйдүрүп, сүйүүгө акым бар эмес беле, же... " деп шаар четиндеги ээн жерде турганын байкабай көгөргөн көкмөк асманды, жылт-жулт этип жымыңдаган жылдыздарды, тоо башынан чети кылтайып чыгып келаткан айдын нурларын суктана, көзүнүн жашы кургап калгандай бозоро карап турду. Бул келин Жайдаркан болчу... ----------------------------------------------------------------------------------------------------- Көркөм-адабий басылма Айгүл ШАРШЕН Кайрылып келген бакыт (Повесть) 2014-ж.

Смотрите также