G
enby!

ӨЗ ДӨӨЛӨРҮҢӨ КАРШЫ ЧЫК - АУДИО КИТЕП

Карапайым адамдар үчүн Дөөт менен Голияттын окуясы Биз Деналин экөөбүз бул китепти кубаныч менен Род жана Тина Чизхолмдорго – Кудайдын ишенимдүү жана оптимист кызматчыларына арнайбыз. Биз жыйырма жылдан ашык убакытка созулган достугубуз үчүн Кудайга ыраазычылык билдиребиз. ЫРААЗЫЧЫЛЫК СӨЗДӨР Бул китептин жарыкка чыгышы үчүн жардам берген адамдардын тизмеси, чынында, өтө көп. Баары шаңдуу кол чабууларга жана мөөнөтүнө жетпей эле пенсияга чыгууга татыктуу. Редактор Лиз Хини жана Карен Хилл, сапаттуу китеп пайда болсо, бул силердин эмгегиңер деп так айтууга болот. Стив жана Шерил Грин, эгер өлкөдө силерге окшогон кызматчылар болсо, биз жакшы уктамакпыз. Сансыз кызматыңар үчүн силерге рахмат. Давид Моберг жана «W» командасы, силер эң жогорку басуу стандартын көрсөтөсүңөр. Сюзан Лигон, сенин майда-чүйдөлөргө чейин көңүл бурганың Машаякка өтө берилгендигиңди көрсөтөт. Баары үчүн рахмат. Сэм Мур, Майк Хайят жана Томас Нелсондун үй-бүлөсү, мен силердикинен мыкты болгон команда көрө элекмин. «Oak Hills» жыйынынын кызматчылары, штаттагы жумушчулары жана аксакалдары, ар бир жүрөк үчүн меймандос үй болууну уланта бергиле. Апворддордун үй-бүлөсү, Бекки, Маргарет жана Тина, силерде кандай гана сонун жөндөмдүүлүктөр бар! Силер өзүңөр эле кандай гана баалуу белексиңер! Юджин Петерсон, сенин китептериң эч кимди кайдыгер калтырбайт. «Leap Over the Wall» (Дубал аркылуу секирик) мени таптакыр башкача кылып койду. Эгер мен сенин ойлоруңду жана сөздөрүңдү көп кайталаган болсом, мени кечир. Карол Бартли, Скотлэнд Ярд сага окшош детективдер жөнүндө кыялдана алмак, мындай рекдактордон эч кандай ката жашына албайт. Стив Холлидей, кезектеги изилдеп окуу үчүн болгон колдонмо жазганыңа рахмат. Дэвид Трит, сенин сыйынууларың бул сөздөрдүн асманга жетишине жардам берди. Менин кыздарым – Дженна, Андреа, Сара, силер барган сайын сулуу да, такыбаа да болуп баратасыңар. Деналин, эгер күйөөнүн аялга болгон сүйүүсүн чектеген мыйзам болгон болсо, аны бузганым үчүн мен эбак эле түрмөгө отурмакмын. Бирге жыйырма беш жыл жашагандан кийин да, сен мен үчүн мурдагыдай чыныгы жылдыздар категориясынансың. Пелиштилик туруп, Дөөттү карай басканда, Дөөт катарды көздөй тез жүгүрүп, анын алдынан чыкты. 1 Шемуел 17 : 48 --- МАЗМУНУ 00:00:00 - 1 - бөлүм - Өз дөөлөрүңө каршы чык 00:18:51 - 2 - бөлүм - Телефон шыңгырабаган кезде 00:35:50 - 3 - бөлүм - Шабулдун каары 00:52:39 - 4 - бөлүм - Үмүтсүз күндөр 01:07:26 - 5 - бөлүм - Кургакчылык мезгили 01:23:59 - 6 - бөлүм - Бактысыздыктын булактары 01:42:25 - 7 - бөлүм - Жапайы жүрүм-турум 02:00:09 - 8 - бөлүм - Саз куралы 02:17:23 - 9 - бөлүм - Өлүк чекит 02:29:44 - 10 - бөлүм - Айтып жеткире алгыс азап 02:43:08 - 11 - бөлүм - Туюк кесилиштер 03:00:53 - 12 - бөлүм - Чептер 03:17:33 - 13 - бөлүм - Алыстагы кудайча 03:36:00 - 14 - бөлүм - Катаал убадалар 03:56:07 - 15 - бөлүм - Ыймансыз текебердик 04:09:38 - 16 - бөлүм - Зор кулоо 04:22:35 - 17 - бөлүм - Үй-бүлөлүк иштер 04:41:04 - 18 - бөлүм - Талкаланган үмүттөр 04:50:10 - 19 - бөлүм - Голиятты далыга чап! 05:03:38 - СӨЗ АЯГЫ - Бейт-Лехемде эмне башталган? Изилдеп окуу үчүн колдонмо

Смотрите также