9-июль: Ыйсанын депрессияга каршы күрөшкɵн алты жолу
9-июль Ыйсанын депрессиягы каршы күрөшкɵн алты жолу Жон Пайперден насаат сɵз Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду (Матфей 26:37). Ыйык Китеп бизге Ыйсанын айкаш жыгачка кадалганга чейинки түндɵгү жүрɵгүнүн абалына кɵз чаптырганга мүмкүнчүлүк берет. Ал кайгыга жана депрессияга каршы Ɵзүнүн стратегиялык күрɵшүн кантип колдонгонун тɵмɵнкү пункттардан кɵрүп, үйрɵнүп алсак болот. 1. Ал жанына Ɵзүнүн жакын санаалаштарын тандап алды. «Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды» (Матай 26:37). 2. Ал Ɵзүнүн жүрɵгүн аларга ачып берди. Ал аларга: «Жаным аябай кыйналып турат» – деди (Матай 26:38). 3. Ал алардын бул согушта Ага колдоо кɵрсɵтүп, кайгысына ортоктош болуп берүүсүн сурады. «Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула» (Матай 26:38). 4. Ал сыйынуу аркылуу жүрɵгүндɵгүнү Атасына тɵгүп берди. «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи» (Матай 26:39). 5. Анын жаны Кудайдын эгемендүү акылмандуулугуна таянды. «Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун» (Матай 26:39). 6. Ал айкаш жыгачтын аркы өйүзүндө күтүп турган келечектеги даңктуу ырайымга умтулду. «Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду» (Эврейлер 12:2). Жашооңузда келечегиңизге коркунуч туудурган нерсе пайда болгондо, тɵмɵнкүлɵрдү эсиңизден чыгарбаңыз: Ыйса Гетсемания багында сезген сыяктуу, жүрɵгүңүзгɵ урулган соккунун биринчи толкундары күнɵɵ болуп эсептелбейт. Чыныгы коркунуч аларды азыктандырып ɵстүргɵндɵ, руханий күрɵшкɵ каршы турбаганда пайда болот. Ошол күнɵɵкɵр багынуунун тамыры бул – ишенбестик, б.а. келечектеги ырайымга болгон ишеним үчүн күрɵɵшɵ албоо. Кудайдын Ыйса аркылуу бизге убада кылган бардык нерселерин сактап кала албоо. Ыйса Гетсемания багында бизге дагы азапсыз да, аракетсиз да эмес бир жолду кɵрсɵтүп берет. Анын жолун жолдоңуз. Сиз ишене ала турган руханий досторду табыңыз. Жүрɵгүңүздү аларга ачып бериңиз. Сиз менен сергек болуп сыйынып турууларын сураныңыз. Кудайга жүрɵгүңүздɵгүнү тɵгүп бериңиз. Анын эгемендүү акылмандуулугуна таяныңыз. Жана сизди алдыда күтүп турган Кудайдын баалуу жана укмуштуудай убадаларындагы кубанычына умтулуңуз. Келечектеги ырайым аттуу китептен алынган үзүндү, 307-308-беттер Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: 💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram: / jakshykabar 🎵 Facebook: / jakshykabarmedia 🎼Twitter: / jakshykabar 📸Telegram: https://t.me/jakshykabar