G
enby!

АТААНДАШПАГАН ДОСТУК - АУДИО КИТЕП

Автор:Тодд Картмелл Бул китептин автору, балдардын психологиясы боюнча тажрыйбалуу адис, эки жана андан көп балдары бар ата-энелерге бир туугандардын өз ара мамилелеринде пайда болуучу көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу планын сунуштайт. Берилип жаткан сунуштар, ролдук оюндар, Ыйык Китептен алынган чындыктар жана ар кандай суроолорду биргелешип талкуулоо аркылуу балдарыңызды бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылууга үйрөтүүгө жардам берет. Родниге арналат. Мен экөөбүздүн бир тууган экендигибизге сыймыктанам жана муну менен ар дайым сыймыктана берем. ЫРААЗЫЧЫЛЫКТАР Мен “Зондерван” басмасынын кызматчыларына бул китепке жумшаган эмгектери үчүн ыраазычылыгымды билдирүүнү каалайм. Сандра Вандер Зихтке баалуу кеңештери жана сунуштары үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Менин компьютердин алдында убакыт өткөрүүмө мүмкүндүк бергендиктери үчүн өз үй-бүлөмдүн алдында карызмын. Менин аялым жана балдарым – бүт дүйнөдөгү эң кереметтүү адамдар. Мындай адамдар жөнүндө кыялданууга гана болот! МАЗМУНУ 00:00:00 - СӨЗ БАШЫ БИР ТУУГАНДАРДЫН ОРТОСУНДА ПАЙДА БОЛУУЧУ КӨЙГӨЙЛӨРДҮН СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ? 00:46:22 - 1-БӨЛҮК - КЫРТЫШТЫ ДАЯРДОО 1 - КАДАМ - БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАЙЛАНЫШТАРДЫ ТҮЗҮҢҮЗ 01:20:24 - ЭКИНЧИ КАДАМ АР БИР БАЛА МЕНЕН БАЙЛАНЫШ ТҮЗҮҢҮЗ 01:41:52 - ҮЧҮНЧҮ КАДАМ БАЛДАРДЫН ОРТОСУНДА ЖАРЛЫКТАРДЫ ТАҢУУЛООГО ЖАНА МЕЛДЕШҮҮЛӨРГӨ ЖОЛ БЕРБЕҢИЗ 02:10:38 - ТӨРТҮНЧҮ КАДАМ БАЛДАРДАН БИРИ-БИРИН СЫЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛЫҢЫЗ II БӨЛҮМ СЕБҮҮ МААЛЫ 02:34:10 - БЕШИНЧИ КАДАМ БАЛДАРЫҢЫЗДЫН КОММУНИКАТИВДИК КӨНДҮМДӨРҮН ӨРКҮНДӨТҮҢҮЗ 03:01:58 - АЛТЫНЧЫ КАДАМ КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮГӨ КАРАЙ КАДАМ ЖАСАҢЫЗ 03:34:37 - ЖЕТИНЧИ КАДАМ БАЛДАРДЫ БИР ТУУГАНДАРДЫН АРАСЫНДА ЖАШАЙ БИЛҮҮ КӨНДҮМДӨРҮНӨ ҮЙРӨТҮҮ III БӨЛҮК ЖАГЫМДУУ ШАРТТАРДЫ ТҮЗҮҮ 03:58:11 - СЕГИЗИНЧИ КАДАМ ТУУРА ЖҮРҮМ-ТУРУМДУ БЕКЕМДЕҢИЗ 04:28:19 - ТОГУЗУНЧУ КАДАМ НЕГАТИВДҮҮ КЕСЕПЕТТЕРДИН ЭФФЕКТИН КОЛДОНУҢУЗ 04:58:41 - ОНУНЧУ КАДАМ БАЛДАРДЫ БИР КОМАНДАНЫН МҮЧӨСҮ КЫЛЫҢЫЗ 05:22:10 - КОРУТУНДУ РОЗА ЖАНА ТИКЕНЕКТЕР 05:40:31 - ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖОЛУГУШУУЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА СУНУШТАР №1-15.

Смотрите также