"СЫЙЫНУУЧУ АЯЛДЫН КҮЧҮ" аудио китеп.
Сенин жаш курагыӊа жана үй-бүлө шартыӊа, дене менен жан дүйнө абалыӊа көз карандысыз, мындан, көптөн бери ишенген адамсыӊбы же такыр андай болуп эсептелбейсиӊби, – мунун баарына карабай, эгер сен аял болсоӊ, анда бул китеп сен үчүн. Мен берилгендик менен Теӊирдин артынан 30 жылдан ашуун ээрчийм, ушуга чейин бул жолдон оогон жокмун, ошентсе да, бул китеп мага да керек. Чындыкты айта турган болсом, мен муну сен үчүн жазгандай эле, так өзүм үчүн да жаздым, анткени биз сен экөөбүз окшошпуз. Менин жашоом жеӊил сейилдөөгө караганда, көп ирет оор сыноодо болот; ал бейкапар жана шапар тепкенге караганда, кооптуу жана чарчатарлык. Ал жумшак, салкын, тазарткан желаргы эмес, а бетке ургулаган, кайнак жана кургак шамалдай. "Сила молящейся жены"