G
enby!

Тамсил / Дастан Касымбеков / Мухтар Борбугулов "Арстан жана анын достору"

Мухтар Борбугулов Арстан жана анын достору Арстан токойдун төрөөсү, бирок, ал жалгыз эмес бир өзү. Анын жанында достору бар, алар: түлкү, маймыл, дагылар. Арстанга ар кимден келет сыйлык, белек. Мына карышкыр келет бир куйруктуу койду жетелеп. Арстан көрсөтүп койду досторуна: ‒ Мырзалар, муну силер алып койгула! ‒ “Жо-ок” ‒ деп буга жооп берет ‒ түлкү Ыраазыбыз, биринчи кезек сиздики, сиз менен биз бир киши, Сиздин алганыңыз, биздин алганыбыз, алыңыз баатыр. Артынан аюу келет, суур алып, ‒ Алып кой баатыр ушуну ‒ деп суранып. Арстан кайрылып досторуна: ‒ Мырзалар, муну силер алып койгула! Жооп берет буга ‒ маймыл: ‒ Биз баарына кайыл, ырахым кылыңыз, Биринчи кезек сиздики, сиз менен биз бир киши, Сиздин алганыңыз, биздин алганыбыз. Бир күнү булар чыгышты бир ууга, Кайтканда кез болушту бир чо-оң сууга. Арстан досторуна кайрылып: ‒ Кана, суу кече турган кимиң бар? ‒ “Жо-ок” ‒ деп буга жооп берди түлкү Биринчи кезек сиздики, сиз менен биз бир киши, Сиздин кечкениңиз, биздин кечкенибиз, баштаңыз баатыр. Арстан үн катпай сууга жөнөдү. Барганда бир аз агып төмөн карай Кыйкырды анда: ‒ Кармагыла! Жардамга! ‒ жооп беришти достору жээктен ага: ‒ Сарсанаа болбой бара бериңиз, Эзелтен бир киши сиз менен биз. Сиздин акканыңыз биздин акканыбыз. Эскертем сага жолдош! Ушуну кылат жалган дос! Жакшылыкта жанын сенден аябайт, Жамандыкта кол сунууга жарабайт! #дикция #проза #поэзия #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также