Монолог // Арсен Сапарбаев // Асан Жакшылыков "Кодура" (аңгеме) үзүндү
Асан Жакшылыков “Кодура” (аӊгеме) үзүндү Тынбай аккан суунун добушун тыңшап турса адам кадимкидей эс алып, мээси сергийт; ал эми тынбай сүйлөгөн оозду карап олтурсаң, негедир мээң чарчайт экен. “Бекер кепин табылса ‒ өлмөй бар!” дегенди мен быйыл түшүндүм. Кымбатчылыкта оңой олжо деп жүрбөймүнбү, ушу мени кызыл чиедей кылып сабаар гана киши жок. Бирок бирөөгө өзүмдү сабатпай калайын алтын башым аман барында; бир нерсени кеч түшүнгөнү менен бу баш ‒ кантсе да өзүмдүн башым да. Кеп, былтыр кышта беш коюм, бир уюм болсо ‒ ую уйдай, кою койдой текши бала салып, тоют жок жазга жетпей малым кырыла баштап, киши тартпаган азапты тарттым го. Азыр элден пейил кеткен, бир айры чөп сурасаң: "сатам" ‒ дейт, сатып ала берип түтөсүңбү? Бирок элде эмне күнөө, азыр чоңдордун башкасына жалпы кымбатчылык келбедиби. Ушу ширеңке эле ушунча кымбат болгон соң жаныңдан түңүлөсүң, кудая-тобо, көчөдөн бүчөк таап алсаң да, бир тал ширеңке таппайсың. Ушинтип замандын сүрүнөн корктум. Быйыл белди бекем байлап иштебесем болбойт дедим, давай, досум, жалкоолукту кой, жетет, быйыл эми жаз алды менен катуу киришели дедим өзүмө өзүм.Самокритичный бололучу. Көрсө 20 жыл бою колхоздо иштебепмин, бирок арыздашып жүрүп, эл катары самостоятельный жер бөлдүрүп алдым. Бактылуу кишиге айла жок экен, так менин аңызымдын четине жаз менен айдап сеппей эле кодура чыгып берсе болобу! Кантсе да меньше расход, отоосун жулуп салып, сугарып койдум, көйкөлүп өсүп калды, бир жолу бир жакка жумуштап барып кайра келсем, кодурам жаңы сугарылып калыптыр, дагы кадимкидей өсө түшүптүр! Ким сугарды болду экен? Аңдый баштадым, бирок ал да сак кайра мени аңдып жүргөн ит окшойт, шек билгизбейт. Дагы кой кыркып келейин деп жайлоого кетсем, саат басып, дагы сугарып коюптур. Эми жүрөгүм опколжуй баштады. Кайсы желмогуз болду экен, ал мени билет, мен аны билбейм, айтор, сагызгандан сак болуп, эми кодурамдын жанынан чыкпай калдым, кодурам да көйкөлүп баш алды! Кодура эмес эле текши сортовый буудай! 20 кап буудай жатат деп коем ичимен, кудуңдайм, ушинтип, дан менен оюмда өз үй-бүлөмдү ‟камсыз кылып” койдум. Анан балээ дан сугатта башталбадыбы, баягы көрүнбөгөн желмогуз кидирекей Мамбет экен, ал да өлөрман, менден бетер баласы көп неме, чөкөтаандай каптап келип, ой-буйга карабай көз көрүнө эле сугарып кетсе болобу! Күйбөгөн жерим күл болду. Ушинтип эрегиш башталды. Ал эки сугардым, мен жаз алды менен сугарып, чөбүн жулдум дейм. Тээ ала жаздан багып жүрөм дейм, бөлөк дагы бирөөгө айткандан да чоочулайт экенсиң, энчилештерди көбөйтүп аламбы деп! Кидирекей Мамбет экөөбүз жайлы-жайлай кодура бөлүштүрө албай аркан тартыш болуп жүрдүк. Бири-бирибиздин кыймылыбызды эле аңдышып калдык. Каш карайгыча ал кодуранын бир четинен кетпейт, мен тем более. Ал да менден өткөн өжөр ит экен, эми бышкан сайын экөөбүз эки четинде түн күзөтүп уктай турган болдук, анан таң аткыча кайтартып чыкчу болдук. Иши кылып акыбетим кайтса экен, биз кодураны кайтаргандай ушу бүгүн чек ара да кайтарылбаса керек. Бара-бара жолуксак, кадим жоолашкан эки өлкөнүн чек арачыларындай баш да ийкешпей, кол да беришпей, дулдуюп шектүү карап өтүшмөй болдук: кодура бизди ушундай полный дипломатиялык үзүүгө алып келди. Бир күнү дал кызыл бышкан кезде "биссими-ля" деп кодурамды секин оргонго кириштим. Бир саамда ишке берилип кеткен экенмин, кодурамды оруп-оруп келип баш көтөрсөм, оңолбогон кидирекей Мамбет да кидирейип, кодурага чап жабышып, өз жагын оруп кириптир! Көзүң жамандыкты көрбөсүн, тим эле денем жыйрылып кетти. Ачуум кандай келгенин билбейм, мындай учурда келбеген ачууну да заматта чакырып ала коёт экенсиң, нак эле көчүгү түшкөн аюдай чаңырдым. ‟Жүзү кара кидире токтот, орбо кодураны”. Ал, мен чаңырганымда чочуп, селейип, албууттанып, кодураны кош колдоп оруп да, жулуп да кирсе боло! Мына кидирекей өжөр Мамбеттин өчөшкөнүн көрүп ал! Ким көп орсо эми мөрөй ошонуку, ажылдап сөгүшө да, уруша да бердик. Уландысы комментарийде