G
enby!

Монолог // Даниэл Тариэл уулу // Султан Раев "Таажы" (драма) - Адам

Султан Раев  “Таажы” (драма)   Адам   ‒ Эй, силер билесиңерби, мен киммин, ыя?.. Билесиңерби?..Мен… мен… деген падышамын… Па-ды-ша… иии… па-ды-шаа! Колумда бийлигим да, алдымда байлыгым да, жумшаган элим да жок жада калса… Ишенесиңерби?.. Болгону мобу эле алтын таажым бар. Бу да алтынбы же жезби… өзүм деле жакшы билбейт экенмин… Кий, сен падышасың деп кийгизип коюшкан. Кийсем ушунчалык тар экен… кечээ күнү башыман каерде түшүрүп жибергенимди да билбейм… мына азыр эле араң таптым… Кийген сайын бу таажы башымдын бир жерин кесип кетет… Башымда алтын таажы. Алтынбы же жезби? Тү-үү!.. Тек карасаң алтынга окшойт тиштесең жездин даамы келет… эмнеле деп дөөдүрөп жатам… И-э-ии…эстедим. Башымда алтын таажы, а бутум болсо жылаңайлак… Сен кантип падыша болуп калдың деп турасыңар го?.. Падыша боло турган деле ниетим жок эле… Мага айтып жатышпайбы, падыша болсоң эмине кыласың деп… Мен айттым баарыңарды Мекеге алып барып, күнөөлөрдөн арылтам десем эле баары мага ишенип алышпадыбы?.. Баарынын таза өлгүсү келет, менин деле таза арууланып, пакиза өлгүм келет… үстүңөрдөн алтын жаадырам, жашооңорду жайыл дасторкон кылам деп убада бербегендердин биринда такка көтөрбөй койду… Мен кийин айттым аларга: “О, эл-журт, мен деле силердей шор пендемин, күнөөм ичиме батпай турат, падыша болбой эле коёюн”, ‒ десем, баары төө бастыга салып, ошондо да башыма мобу тар таажыны кыйнап атып кийгизишкен. Эми көрбөйсүңбү бассам чалынып жыгылам, кийсем сөзсүз башымдын бир жерин тилип кетет… Күнөөм ушунча көп, мына…Жада калса ушу бир тал чачымда да күнөө бар… Майланышканы майланышкан…  Менин деле таптакыр хан болом деген ниетим жок эле. Аны баары эле билет! Айтат десе мен деле… убаданы берип салгамын баарыңарды Меккеге апарам деп… баарыңарды күнөөдөн арылтам деп… Бу жалганда мынчалык күнөөлүү адамдардын көптүгүн кайдан билдим дейсиң… Мына ошо сөзүм балга аралаштырып берген уудай болду. Мени да хан сарайдан кууп жиберип… ушу ээн талаа… эрме чөлгө… көзүмдү кара чүпүрөк менен таңып апкелип салышты… Быягы деле кум, тыягы деле кум… Кузгундан башка эчтеке жок буерде… таажым кантип өзүмдө калып калган ушуга таңмын… Тээ асмандан кузгундардын үйүрү мага карай шукшурулганда таажымды башыма кие салам… алтын таажыга кузгундар да батынып кол салалбайт тура… Кечир…. кечир… эми тааныдым… Сен экөөбүз театрда канча ролдорду ойнодук… кечир… Хан сарайга келген адам баарын унутат экен… Иш!... Иш!.. Иш… Тим эле чачтан көп… Мен элди мынчалык баёо деп ишенген эмесмин… Баарыңарды Меккеге алып барып тазартам, агартам, күнөөңөрдөн арылтам деп койсом эле тактыга апкелип отургузуп коюшпадыбы… эл баёобу… аңкообу… түшүнбөй деле калдым. Тактыны бердида, алдымда кулдук уруп жатып калды… Мен алгач буга ишенген эмесмин, бу – театр дегенмин! Мен бир алжыган падышанын ролундамын, алжыбасам элдин баарына мен силерди күнөөңөрдөн арылтам деп убада беремби?! Андан көрө бейишке чыгарам, бейиштегидей жашайсыңар. Адамдар баарыбыз бири-бирибизди сүйөбүз, урматтайбыз деп убада бербейминби?! Жо-жок… Анткеним жок… мен тек гана элди алдадым…күнөөңөрдөн арылтам деп. Баары ишенип албадыбы… ишенип алды… Менден кайсы паша, мен деле ошо элдей болгон бир шордомун го… Шорум ушунда, өмүр бою театрда партнер болуп келген эң сүйүктүү актрисамды да унутуп бараткан экенмин… жо-жок, таптакыр эле унуткан экен деген ой кетпесин сага… эстеп жүрдүм… эстегенден башкага аргам жок эле… наамың, даңкың бар эле… роль ойноп жатат деп айтып келишкен мага… Артисттерди билесиң го… кичине эле баягы эски ооруңду карматып, бешенесинен сылап койсоң эле: “Мага наам бергиле, мага там бергиле, мага орден бергиле!” ‒ деп кирет… ошондонбу өзүмдүн тең өмүрүм калган театрды аз эстегенге аракет кылдым… Баарыбыз ‒ мен да, сен да, таажысы барбы же жокпу, пашаӊ да артист, адамдын баары артист... Турмуш драмасынын катышуучусубуз баарыбыз... Бу дүйнө театр эле болуп калыптыр, анда баарыбыз өзүбүз каалаган ролду ойноп жатабыз... Театрда мынчалык алжыбасам керек эле… бийлик деген алжыбаска арга бербейт экен… Ха-ха!.. Улуу актёрлордун баары бийликтин короосунда!.. Мен а короонун дубалын акка боёйм, алар түн жамынып олтуруп карага боёп чыгат… Аларың эмине дебейт дебейсиңби? Сиздей эч ким убада берген эмес, сиздин убайымыңыздын деле кереги жок, эчтеке жасайм деп деле убаракерчилик көрбөңүз болгону… элге баарыңарды күнөөңөрдөн арылтам эле деп койсоңуз болду. Бу жагын өзүбүз эптейбиз деп атышпайбы… (уландысы комментарийде

Смотрите также