Тамсил / Арсен Сапарбаев / Эсенгул Ибраев "Чогулуш"
Эсенгул Ибраев «Чогулуш» Кечээ токойдо айбанаттар менен канаттуулар, "Глобалдуу" маселени талкулоого чогулушту. Калп эле демократиялуу өлкө дегенибиз менен Төрдө баягы биз билген: аую, арстан, түлкү, карышкырлар олтурушту. Карала турган маселе бирөө: "Жаратылышты жан жабыла коргоо!". Бир сөзүнө бир сөзүн кошпой арстан докладын 10 мүнөт 10 секундка созду, сөздүн соңунда: Биз макулуктар көбөйгөнүбүз менен токоюбуз тарып барат. Сен таза болсоң, мен таза болсом, Жаратылыш дагы таза болот -деп Арстан талапты катуу койду. Ошол замат бир маалда сагызган шакылыктап, Тоок какылыктап жатканда, Алып баруучу коёнек сөз баштады. Жолдоштор, ай жолдоштор, тынчтаныңыздарчы, Иии-ий кокуй бул эмне деген адепсиздик? Боже мой, мындайды эч жерде, Эч кимден көрө элек болчумун. Кооз сүйлөп коён оозун жапкыча, Илбирс туруп элдин көңүлүн буруп: Ээ-эй, эмне деп эле былжырап жатасың? Билесиңби, азыр деген демократия! Деле мунун аңкоо боло калганын! Тумшугуңду жара коёюнбу, ыя? Мына ушул жерден балээкеттин баары башталды. Калп күлүп маймылдын ырсалактаганы, Иттин туура эмес үргөнү, Аую менен түлкүнүн жүргөнү, Короз мас болуп алып тоокту бет-талаштыра тепкени, А байкуш тоок "ажырашам, ажырашам" - деп Сотко чейин арызданып барганы... Кыскасы, бул жолку дагы жаратылышты коргоо маселеси Кийинки чогулушка калтырылды. Булардын чечилбес урушу ушул убакка чейин болуп келген, Мындан ары дагы боло бермекчи көрүнөт. Өлкөнүн тагдырын чече турган сөрөйлөр мына мынтип турса, Жаратылышты жок кылат окшойбуз сыягы. #дикция #проза #поэзия #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение