G
enby!

"Береке" кооперативине алдангандар: дайыны жок 203 млн. сом, башталбай жатып бүткөн сот

Бишкек шаардык сотунда "Береке" турак жай кооперативи боюнча кылмыш иши каралуда. Жүздөн ашык адам үй, автоунаа алуу үчүн акча төгүп куржалак калганын айтып арыз жазган. Учурда кооперативдин негиздөөчүлөрүнүн бири Назгүл Сайназарова абакта. Калган жетекчилери Айнура Апышова, Алмаз Матазимов жана Улан Бекбоев камактан бошотулган. Жабырлануучулар Сайназарова "мени абактан чыгарсаңар анан акчаңарды кайтарам" деп шарт коюп жатканын айтышты. Негизи бул кооперативге ар кайсы аймактан 400дөй адам акча салган экен. Сот болгон сайын алыскы Ош, Жалал-Абаддан бери келип катышышууда. Бул отурумда судья жыйынды жарым саат гана өткөрүп, чыгып кетип калганына нааразы болушту. "Убара болуп келип-кетип жүрө беребизби, жок дегенде 2 саат караса болмок" деп ызааланышты.

Смотрите также