G
enby!

ЖЫЛДАР БОЮ ӨЛТҮРҮП КЕЛГЕН. #КамилаДүйшөбаева

Чикатило сыяктуу маньяктар бизде да бар. Президенттин администрациясы Айсулуу Мукашеваны өлтүрдү деген шектүүнүн буга чейинки үрөй учурган кылмыштарын тизмектеди 41 жаштагы Кумарбек Абдыров тергөө учурунда 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген. 19 жаштагы Камила 2014-жылы “Достук” кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бир жумадан кийин сөөгү Бишкектин четинен табылган. Кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун (Салянов) аты аталган болчу. Шектүү тууралуу маалыматтар менен Дайырбек Орунбеков бөлүшкөн. Анын айтымында, шектүүнүн аты Кумарбек, 41 жашта. Акыркы жолу ал 17 жаштагы Айсулууну зордуктап, муунтуп өлтүргөн. Орунбеков шектүүнүн башка кылмыштарын санады: ▪️Кумарбек Айсулуудан мурда дагы кыз зордуктап, зордуктоого аракет кылып, муунтуп өлтүргөн фактылар ачылып жатат. Анын курмандыктары 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар болгон ▪️Шектүү такси катары келип, кыздарды унаага салып, ээн жерге айдап, колун байлап, андан кийин зомбулук жасаган. Аларды тумчуктуруп, муунтуп өлтүргөн ▪️Кумарбектин аракетинен эки кыз аман калып, биринде ага айып пул салынса, экинчисинде Бишкек шаардык сот "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесин "Тоноо" беренесине өзгөртүп, мыкаачынын жазасын жеңилдеткен. Кумарбек ушундан улам жеңил жаза алып, бат эле эркиндикке чыккан #кылмыш #камила #камиладуйшеева #айсулуумукашева #кумарбек #чикатило #камиладуйшобекова

Смотрите также