Сүйүмкан камалды/ Акыркы сөзү, алдамчылыктын аягы... Шаардык сот өкүм чыгарды
Дордойдогу соодагерлерди сыздаткан Сүйүмкан Халботоева 7 жылга камалды. Бишкек шаардык соту ал 12 адамдын 10 млн. 843 миң сомун алдап алганын аныктап, күнөөлүү деп тапты. Кымбат Архарова төрайымдык кылган соттук коллегия Свердлов райондук сотунун 5 жыл пробациялык көзөмөл дайындоо өкүмүн жокко чыгарды. Ошондой эле жабырлануучуларга карызын төлөп берүү да милдеттендирилди. Натыйжада Сүйүмкан Халботоева сот залынан камакка алынып, конвой менен алып кетишти.
Смотрите также
