ТАҢКЫ РЕЙД #42 ✅ КӨКҮМБИЙ КӨЧӨСҮ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ
✅ ТАҢКЫ РЕЙД: КӨКҮМБИЙ КӨЧӨСҮ ИРЕТКЕ КЕЛТИРИЛЕТ 🔸 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүнкү таңкы кыдыруусу Көкүмбий көчөсүндө уланды. 🔸 Аталган көчөнүн абалын көрүп чыккан соң, шаар башчысы жеринде тиешелүү кызматтарга кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштарды, мыйзамсыз орнотулган тосмолорду алып салуу, аталган аймакты эскирип, каралбай калган бадал, дарактардан тазалоо, көп кабаттуу үйлөрдүн, соода түйүндөрдүн сыртын боёп, оңдоп-түзөө жана бирдиктүү көрүнүшкө келтирүү менен бирге жасалгалоону тапшырды. 🔸 Андан кийин «Жапалак» унаа базарында дагы болуп, ага канал аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдү куруу, башаламан жайгашкан дүкөндөрдү, коомдук тамактануучу жайларды жана административдик имаратты иреттеп, бир калыпка келтирүү боюнча тапшырмаларын койду. ____________________________________ ✅ Утренний рейд: улицу Кокумбий приведут в порядок 🔸 Ранним утром 14 марта мэр города Ош Женишбек Токторбаев проинспектировал состояние улицы Кокумбий. 🔸 В рамках мероприятия градоначальник дал поручение соответствующим службам начать работу по благоустройству улицы с двух сторон: демонтажу объектов на красной линии, очистке от стихийных кустарников и ограждений, строительству тротуара. 🔸 Также мэр посетил авторынок "Жапалак", где даны поручения по строительству мостов через канал возле авторынка, демонтажу стихийных торговых точек, приведению объектов общепита и административного здания к единому облику. _________________________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия