✅ Мектептердин жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелерин кайтаруу аракеттери көрүлүүдө.
✅Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык мектептердин жеке менчикке берилип кеткен жер тилкелерин кайтаруу аракеттери көрүлүүдө. 🔹Ош шаарындагы Макаренко атындагы мектеп-гимназиясына тиешелүү бир нече жер тилкелери 2008 жана 2012-жылдары мэриянын токтомдору менен жеке менчикке берилип кеткен. Мыйзам боюнча социалдык обьекттердин жерлери менчиктештирилбейт. Ага байланыштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош аймактар аралык башкармалыгы Ош облусунун административдик сотуна жогорудагы токтомдорду жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Тиешелүү органдар доогердин арызын канааттандырып, Ош шаарынын мэриясынын бул токтомдорун жараксыз деп табуу чечимин чыгарды. 🔹Ошондой эле Горький атындагы мектептин да бир катар жерлери Ош шаарынын мэриясынын 2000-2001-жылдарда кабыл алынган токтомдорунун негизинде жеке менчикке берилип кеткен. Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан сотко берилип, бүгүнкү күндө сот иштери жүрүп жатат. 🔹Билим берүү мекемелеринин жер тилкелерин жеке менчик ээлери коммерциялык багытта иштетип, мектептин айланасын соода түйүн, кафе-ресторан, бильярд жана башка обьекттер курчап алган. _____________________ Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия