G
enby!

Ташиев Оштун ой-чуңкуруна чейин кыдырып, мэрдин ишин жеринен көрдү.

Камчыбек Ташиев Ош облусуна жана Ош шаарына жумушчу сапары менен барды 8-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Ош облусунда жана Ош шаарында болду. Сапардын алкагында Камчыбек Ташиев алгач Ош шаарындагы “Достук” кыргыз-өзбек чек ара постуна барып, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тарабынан оңдолуп-түзөтүлгөн аймакты көрүп чыкты. Камчыбек Ташиев чек ара бекетине баш багып, ал жердеги чек арачылардын ишмердүүлүгү тууралуу сүйлөп, коррупцияга жана мыйзамсыз башка аракеттерге жол берилбеши керектигин дагы бир ирет эскертти. Андан ары кеңейтилип, жаңыдан асфальт төшөлүп жаткан Курманжан Датка көчөсүн көрүп өттү. Ош шаарынын кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасына барып, арканын кооздолгондон кийинки абалын көрүп чыкты. Камчыбек Ташиев Ош облустук ооруканасынын айланасындагы “Увам” каналынын корук аймагына курулган соода түйүндөрдү жана дарыкана, кафелерди алып салуу, жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшүн көрдү. Исанов көчөсүндө көп жылдан бери каралбай турган жер аянтына курулуп жаткан эс алуу багынын курулушу жана аталган көчөнү кеңейтүү жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Камчыбек Ташиев Ош шаардык төрөт үйүнүн айланасын оңдоп түзөө, көрктөндүрүү иштерин да көрдү. Ош шаарындагы жол тыгындарын азайтуу жана тургундарга шарт түзүү максатында жасалып жаткан жол курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Анын алкагында Нурматов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Токтогул эс алуу багынын аянтындагы курулуштарды алып салуу, көрктөндүрүү, жолго бир тилке кошуп кеңейтүү, тротуар салуу иштерине көз салды. Мындан сырткары Волгоград, Моминова, Урицский, Байтемиров жана Темирязев сыяктуу бир катар көчөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүш менен жеринен таанышып, мэр Жеңишбек Токторбаевдин маалыматын укту. Соңунда УКМК жетекчиси Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы эс алуу багын оңдоп түзөөдөн кийинки пайдаланууга берүү жумуштарын дагы көрдү. Андан ары Б. Осмонов көчөсүнүн эки тарабына курулган тротуарларды жана жашылдандыруу иштери менен таанышып, оң баасын берди. Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы сапарын улай, тик учакта Өзгөн-Кара-Кулжа жолунун кеңейтилип, жаныдан асфальт төшөлүп жаткан 34 чакырым жолдун курулуш иштерин көрүп чыкты. Аталган жол ушул жылдын август айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилиши керектигин эскертти. Камчыбек Ташиев альтернативалык Жалал-Абад – Балыкчы жолунун Барпы-Сафаровка бөлүгүн да көрүп чыкты. Аталган жолдун узундугу 25 чакырымды түзөт жана келээрки жылдын август айларында буткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Камчыбек Ташиев бул жолдун курулуш иштерин да өз көзөмөлүнө алаарын жана өз мөөнөтүндө, сапаттуу болуп бүткөрүлушү керектигин эскертти. Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан Эл аралык аэропорттун курулуш иштеринин жүрүшүнө да тик учактан көз салды. Эскерте кетсек, аталган аэропорт 381 гектар жер аянтына курулуп жатат жана эл аралык 4е категориясына кирген, учуп-конуу тилкеси 3 800 метрди тузгөн, эл аралык жүргунчү каттамдарын жана жүк каттамдарын кабыл алууга ылайыктуу аэропорт болуп курулууда. Камчыбек Ташиев Сузак районунун Ленин айылындагы мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштерин да көрүп өттү. Андан ары Ноокат районуна барып, Ош-Баткен-Раззаков жолунун 47-чакырымынан 75-чакырымына чейинки аралыктагы 28 чакырым жолдун курулуш иштеринин жүрүшүнө да көз салды. Бул жолдун курулуш иштери ушул жылдын август айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Камчыбек Ташиев андан ары сапарын Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой эс алуу жайына барды. Ал жердеги эс алуучулар менен жолугуп, суроолоруна жооп берди. Аталган аймак алыда толугу менен кайра ондоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүнө алынаарын айтты. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз

Смотрите также