Оштун "обу жок" жетекчилерин, депутаттарын ордуна койгон жыйын. ( толук видео)
Камчыбек Ташиев Ош шаарында жыйын өткөрдү. 9-июлда, КРнын Минитсрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Ош шаарында жыйын өткөрдү. Жыйынга Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик кызматтарынын жетекчилери жана аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуш иштерине катышып жаткан жеке тараптардын өкүлдөрү да катышты. Камчыбек Ташиев жыйында облус жана шаар аймагындагы аткарылып жаткан иштердин баарын 2 күндүк иш сапарынын алкагында көрүп чыкканын белгилеп, кетирилип жаткан кемчилдиктерге жана жетишкендерге токтолду. Район акимдерине жана шаар мэрлерине эскертүүлөрдү жана тапшырмаларды койду. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз