G
enby!

ТОКМОК ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 1 МЛРД. СОМ БӨЛҮНҮП, АНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОК. ШААРДЫН МЭРИ КАМАККА АЛЫНДЫ

ТОКМОК ШААРЫН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ 1 МЛРД. СОМ БӨЛҮНҮП, АНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ТЕРИШТИРИЛЕ БАШТАЛДЫ. ШААРДЫН МЭРИ КАМАККА АЛЫНДЫ Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев УКМК тарабынан жыйындар залынан камакка алынды. Буга чейин социалдык тармактар аркылуу Токмок шаарынын 1-жана 3-кичи райондорунун тургундары өлкө бийлигине кайрылып, шаардагы жаңы сейил бактын курулуш иштери кечеңдеп, сапатсыз жүрүп жаткандыгын айтып нааразычылыгын билдирип, бир жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй жаткандыгын, жергиликтүү бийлик органдарына нааразы болушкан. Мына ушул маселенин негизинде Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы К.К.Ташиев Токмок шаарына барып жыйын өткөрдү. Ал жердин калаа башчысы жана бир катар тийиштүү жетекчилер жыйындар залынан камакка алуу чечимин кабыл алды. ------------------------------------------------------------------ Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg   REGION TV @ Facebook   / regiontvkg   REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan
REGION TV @ Телеграм https://t.me/trkregion

Смотрите также