G
enby!

"KG групптун" бүтпөгөн үйлөрү/ Компанияны Ташовдун жубайы менен иниси талашып жатабы?

"KG группка" акча төлөп, батирге жетпей жүргөн үлүш ээлери арыз-муңун айтып чыгышты. Бул имарат Чыңгыз Айтматов турак жайы деп аталып, курулушу 2018-жылы башталган. Азыр жарым-жартылай салынган бойдон турат. Айласы кеткен эл үйүн бүткөрүүнүн амалын издеп ар кайсы эшикти каккылап жүргөнүн айтышты. Учурда компаниянын "башы эки" болуп жатыптыр. Анткени 2024-жылы Ташовдун жубайы Элиза Аплаева башкы директор болуп келген экен. Кийин Ташовдордун үй-бүлөсү ал компаниядан ири суммадагы мүлктөрдү туугандарына өткөрүп, сызга отургузуп жатат деп аны кетиргенин айтууда. Мындан улам иниси Азиз Ташов директорлукка келген. Бирок Юстиция министрлиги аны расмий түрдө каттабай жатыптыр. Мындан улам де-юре башка, де-факто башка директор болуп, ишкана тушалып калган. Анын айынан турак жайлар бүтпөй, үлүш ээлери мукурап жүрөт. Алар бийлик жетекчилигине кайрылып, маселени чечип беришин суранышты. "Компанияга кимиси директор болсо да үйдү тезирээк бүтүрсүн" деп талап кылууда.

Смотрите также