G
enby!

Элден түшкөн салыкты сапырып жеген салыкчыларды Ташиев ачыктады

Камчыбек Ташиев учурда абакта жаткан Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын билдирди. Ал 9-июлда Ош шаарында мамлекеттик кызматкерлер катышкан жыйында экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекеттин карамагына өтөрүн айтты. "Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык үй-мүлкү, байлыгы такталды. Мына, Салык кызматынын жетекчиси болгон. Силер болсо "бир тыйын албайбыз" деп айтып жатасыңар. Абдувапов Салык кзыматында 10 жылдан ашык убакыт иштейт. Башка бизнес кылбайт. Башка жеке жактарда иштебейт. Бирок кантип 55 миллион долларды жыйнап жатат? Мына кызматкерлер айтып жатат, "айына 50 миң доллардан 100 миң долларга чейин пара берип турчубуз" деп айтып жатат. Бул Салык кызматындагы коррупциянын деңгээли. Биз анын баарын толугу менен конфискациялайбыз. Сот жообуна тартабыз. Алтынбек мындан кийин эң жакыр адамдардын бири болот. Эми мурдагыдай болбойт. Мурдагыдай болуп мамлекеттик кызматта иштеп, байып, андан кийин сотко, дагы башкага кичине берип коюп, кайры чыгып алып "жип" минип, ойноп-күлүп жүрбөйт", - деген Ташиев. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз

Смотрите также