G
enby!

ЖАМУда тил жумалыгы

ЖАМУда тил жумалыгынын экинчи күнү жаштар иштери боюнча комитети жана мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан “Мамлекеттик тил жана жаштар” аталышындагы форум менен улантылды. Анын максаты мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы ордун бекемдөө. Кыргыз тилинин илим, маданият, технология жана билим берүү чөйрөсүндөгү талдоо болуп эсептелинет. Форумда “Мамлекеттик тил – улуттук биримдиктин жана руханий өнүгүүнүн башаты”, “Кыргыз тили – улуттук биримдиктин жана руханий өнүгүүнүн башаты” жана кыргыз тилиндеги “көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр” деген темаларда баяндамалар жасалып, студенттер менен коноктор арасында талкуу жүргүзүлдү. Активдүү катышкан студенттерге уюштуруучулар тарабынан белектер да тапшырылды. Тилди жайылтууда, обондуу ырлар, көркөм окуулар да маанилүү. Мындан улам ЖАМУнун маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программалар уюштурулуп, улуттук кийимдерди туура кийүү, алардын аталыштары боюнча түшүндүрмө берилип, көргөзмөлөр уюштурулду. Ушундай эле иш-чара экономика-юридикалык колледжинде да өткөрүлүп, оюн-зооктор, кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырып, ар кыл аспаптарда кол ойнотушуп, манас айтылып, улуттук нарк-насил даңазаланды.

Смотрите также