G
enby!

ЖАМУда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Бүгүн Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду. Маданий иш-чарага Манас шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова катышып, улуттун жүзү, коомдун күзгүзү болгон окутуучуларды шаардык мэриянын Ардак грамоталары менен сыйлады. Аны менен катар ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректор, техника илимдеринин доктору Атабек Алибаев дагы майрам ээлерин куттуктап, билим берүүгө кошкон салымы, ишиндеги жетишкендиктери үчүн окуу жайдын Ардак грамоталарын тапшырды. Агартуучулук кесип – түйшүктүү иш, аны менен катар эле сыймыктуу да! Анткени келечек муундарга билим берип, турмуштун даңгыр жолуна багыт берет. Караңгыны жарык кылган шам чырак сыяктуу адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган, жаратмандык жана атуулдук бийик рух менен эмгектенип жаткан кесип ээлерине майрамдык маанай тартууланды. Саамалык концерттик программа менен коштолуп, мугалимдерди даңктаган ырлар, студенттер тарабынан сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.

Смотрите также