ЖАМУда жаш жаратмандардын окутуучуларына дипломдор тапшырылды
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдында түзүлгөн бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборуна быйыл 3 жыл. 3 жыл аралыгында 50дөн ашуун студент түрдүү сынактарга катышып кызыктуруучу сыйлыктардан тарта миллион сомго чейин гранттарга ээ болгон. ЖАМУнун студентери негизинен кол өнөрчүлүккө, айыл чарбасына, экология жаатында долбоорлорду ишке ашырып келет. Окуу жайдын алдында ачылып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жаш жаратмандардын окутуучуларына бүгүн дипломдор тапшырылды. Бул аларды дагы да изденүүгө, жаңы долбоорлорду ишке ашыруусуна шык берет деген ишеним бар. Белгилей кетсек стартап долбоорлору өлкө башчысынын демилгеси менен 20дан ашуун жогорку окуу жайларында ачылган. Анда, студенттердин бош убактысын текке кетирбей, пайдалуу жумуш менен алектенүүсүн көздөгөн.