Күзөт кызматынын кызматкерлерине кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу кызуу жүрүп жатат
Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын милиция кызматкерлери үчүн кызмат өтөө шарттарын жакшыртуу багытында бир катар иштерди аткарууда. Атап айтсак, ушул жылдын июнь айында Күзөт кызматынын Ведомстволук полкунун жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өткөн. Бул эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 408,52 чарчы метрди түзөт, 26 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан каржыланат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Белгилей кетсек, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата курулушту аяктоо жана жаңы имараттарды пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына мерчемделүүдө. Мындан тышкары, ушул эле Күзөт кызматынын Бишкек шаарында жайгашкан Спорт ордосун капиталдык оңдоо-түзөө иштери башталып, жакынкы арада колдонууга берилет. Спорт ордосу - футзал, ок атуучу тир, фитнес зал жана күрөш оюндарын өткөрүү үчүн зал камтылган чакан спорттук комплекс болуп саналат. Бул Спорт ордосунда ИИМдин Күзөт кызматынын гана эмес, жалпы ИИМдин кызматтары, башкармалыктары жана өз алдынча түзүмдөрүнүн кызматкерлери атайын машыгуудан өтүшөт. Ал гана эмес, республикалык деңгээлдеги спорттук иш-чаралар өтүп турат. Белгилей кетсек, Спорт комплесин капиталдык оңдоо-түзөө иштеринин демөөрчүсү катары «Central Asia Capital» ЖАКнын башкармалыгынын төрагасы Антон Собин тарабынан жеке делмилге менен кайрылып, толугу менен аталган мекеме тарабынан каржылана тургандыгы айтылып, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жасалып жаткандыгын маалымдады.
 
  
             
  
             
  
             
  
            