Милиция Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөштү улантууда
‼️Браконьерлик жаратылышка олуттуу зыян келтирип, Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө коркунуч жаратууда. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулууда. ‼️Ысык-Көлдү коргоонун маанилүүлүгү жана укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу телеканал тарабынан даярдалган сюжет, өлкөнүн берметинин экологиясын сактоо көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөйт. ИИМдин Басма сөз кызматы