ИИМ: Күзөт кызматынын Ведомстволук полкунун жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү
Бүгүн, 27-июнь күнү Күзөт кызматынын Ведомстволук полкунун жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп өттү. Аталган капсула салуу иш-чарасына Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров, Бишкек шаарынын ИИББдин башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев, ошондой эле ардагерлер жана өздүк курамы катышышты. Милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө, милиция кызматкерлеринин иш шарттарын жакшыртуунун жана алардын ыкчам даярдыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылууда, бул долбоор маанилүү экендигин айтып кетти. Бул эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 408,52 чарчы метрди түзөт, 26 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМдин Күзөт кызматы тарабынан каржыланат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу жана калктын коопсуздугун жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Белгилей кетсек, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата курулушту аяктоо жана жаңы имараттарды пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына мерчемделүүдө. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы