Ашык салмак — жашоону кыскарткан жүк. Стамкулова Айсулуу
Бүгүнкү күндө ашык салмак көйгөйү жаш-кары дебей ар бир үй-бүлөгө таасирин тийгизип жатат. Биз ашыкча тамактанууну “жөн эле адат” деп кабыл алып, бирок анын артында канча оорулар — жүрөк-кан тамыр, кант диабети, муун оорусу, тукумсуздук жана депрессия жатканын билбейбиз. Ар бир ашык килограмм — бул ден соолукка кошумча жүк, жашоого кыскарган мүнөттөр. Бул эпизоддо биз медицина илимдеринин кандидаты, эндокринолог Стамкулова Айсулуу Болотовна менен ашык салмактын себептери, эл арасында тараган мифтер жана анын чечүү жолдору тууралуу сүйлөшөбүз. Жөнөкөй тил менен, түшүнүктүү мисалдар менен бул көйгөйдү кантип жеңсе болорун айтып беребиз. 🎧 Угуп, өзүңүздү жана жакындарыңызды сактап калыңыз. Жашооңузду жеңилдетиңиз — түз мааниде да, кыйыр мааниде да.