ВМ полкунун жетекчилиги кен казуу мекемесинде кызмат өтөгөн кызматкерлери менен жолугушту
ИИМдин талаптарына ылайык, Күзөт кызматы инвесторлордун коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл болгон иш-чараларды алып барышууда. Алсак, Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун жетекчилиги өздөрү кайтарган Нарын облусунун Солто-Сары өрөөнүндө жайгашкан алтын кен казуу мекемесинде кызмат өтөгөн кызматкерлердин кызматын текшерүү жана көзөмөлгө алуу, чет өлкөлүк ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо боюнча жолугушуу уюштурду. Анда өздүк курамга коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл буруу, кайтаруудагы ишкана-мекемелердин мүлктөрүнүн уурдалышына бөгөт коюу, чет өлкөлүк ишкерлер менен ишенимдүү мамиле түзүү тапшырмалары берилди. Ошондой эле, жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кылмыштуулукка жана укук бузууларга барбоо керектиги эскертилди.