G
enby!

2025-жылдын 28-октябрында ИИМдин Академиясында 1-курсунун курсанттарынын ант берүү аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ИИМдин генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов, ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясынын Алиев атындагы фондунун директору Аскар Бектемиров, ошондой эле ардагерлер, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.Атайын сынактардан жана жаш жоокерлер курсунан ийгиликтүү өткөн курсанттар Ата Мекен алдында салтанаттуу ант берип, милициянын катардагысы наамына ээ болушту. Бул алардын ички иштер органдарындагы кызматтык жолунун алгачкы кадамы болуп саналат.Курсанттарды куттуктап сөз сүйлөгөн ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов ант берүү - ар бир курсанттын жашоосундагы эң маанилүү жана сыймыктуу учур экендигин белгиледи. Ал жаш кызматкерлерге Мекенге берилгендик менен кызмат өтөөнү, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону каалады.Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө ИИОнун ардагерлери келечектеги милиционерлерди куттуктап, аларга күч-кайрат, кесиптик ийгилик жана чоң келечек каалашты.Аземдин жүрүшүндө жакшы окуган жана мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен курсанттарга энчилүү стипендиялар жана ыраазычылык грамоталары ыйгарылды.Салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын өздүк курамынын параддык жүрүшү менен жыйынтыкталды.ИИМдин Басма сөз кызматы

Смотрите также