Тамсил / Ырыскелди Жакыпбеков / Рахман Разыков "Эшектер курултайы"
Рахман Разыков “Эшектер курултайы” Аңызда жүргөн эшектер Кээ бир депутаттардай болуп урушпай, Өздөрүн маданияттуу кармап Мыйзамдуу укуктарын унутпай, Нааразы болуп бийликке Чогулуп алып, өткөрүшмөк болду курултай. Курултай деле болмок эмес, эгер туура иштешсе жанагы- Качырлар түзгөн коалиция. Чырдын чыккан себеби, Эшектер көптөн бери нааразы болуп жүргөн бүтүм. “Жолдоштор” ‒ деп ачуусу келген бир эшек Ордунан туруп сөзүн баштады: ‒ Биз эмне бийликтен корккудай, Мына бул өгүздөргө окшоп оппозицияда белек? Эшек болсок дагы өз оюбуз бар да Чогулбадык демек... Бийликке барса биздин эшектер Галстук байланып, көз айнек тагынып, Өзүбүздүн жакшынакай “эшечкаларыбыз” турса, Каяктагы бир зебраларга жалынып. Бир деме десең эле “акыл үйрөтпө!” ‒ деп, Сөгүнүп кирет өзүнчө эмоцияга алдырып. ‒ Айланайын эшектер ойлонгулачы, Уят болуп калабыз ‒ деди картаң эшек. Жакшы эле болмок аттар менен ачык эле болсо арабыз. Айыгат ко десем, айыкпай эле ‒ Ракка айланып баратат ко мурдагы жылкы жарабыз. Бизге алтындан таажы кийгизип, Тулпар деп атап койсо деле эшек бойдон калабыз. ‒ Мен сиздин оюңузга толугу менен кошулам. Ар ким өз оюн айтууга укуктуу. Доллар Африкада деле доллар дегендей эшек кайда болбосун ‒ эшек. ‒ Мен сиздин оюңузду маалымат булактарына киргизем, Бирок, ушул курултайга маалымат катары бирсунуш киргизем. Биздин иштөөчү коалиция бизге “ат” деген статусту алып беришсин! Алып бере алышпаса, өздөрү тарап кетишсин! ‒ Уважаемые, осёлдор! Биз биринчи өзүбүздүн атыбызды карап, Ак менен караны айырмалап алалы. Эгер иштеген ишибиз туура болсо, Жанагы Акылбек мырзадан “ат” деген паспортубузду алалы. Анда дагы болбосо арстанга чейин баралы. “Эшек” экенсиң деп биздин атыбыз менен бирин-бири сөгүшөт. Өмүрү ичип көрбөсөк дагы арак, “Эшектей ичип алыптырмын” дешип, Бизди алкаштарга теңеп, биздин атыбызды постоянно пример кылып кетишет. Чочконун этин жешип, биздин этти иттерге гана беришет. Жанагы “чан хю, ман шю” кытайларың келгенден бери Эшек тукуму курут боло турган болду!.. ‒ Урматтуу эшектер! Биз бул кордукка жакшы эле чыдадык. Эми кызуу кандуулукка алдырбай бир аз сабырдуулук кылалык. “Ат” деген статусту го алабыз десек ‒ алабыз. Бирок, “аттарга окшоп кишенегилечи” ‒ десе Менимче кыйналып эле калабыз. ‒ Эй, мен могул эшектин сөзүнө кошулам. Кыйкырсак үнүбүз тоону жарат, Аңыраңдап кыйкыра бермей атабыздан калган адат. ‒ Ничего подобного, ат деген статусту алыпалсак, Адамдар кылганды биз деле кылабыз. Гимн ырдалса, оозубузду ачып фонограмма деле кылабыз. Ошентип эшектер аны сүйлөштү, муну сүйлөштү Кыскасы, курултай аягына чыкпай эшектердинбаары Нааразы болуп тарап кетишти. #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение