G
enby!

Монолог / Бурул Усупбек кызы / Жан Кокто "Менин сүйгөнүм бар" (драма) - Актриса

Жан Кокто “Менин сүйгөнүм бар” («Человеческий голос») (драма) Актриса Кайда жүрдүң? Эмне унчукпайсың? Же дудук болуп калдыңбы? Же баягы сойкуларың тилиңди тиштеп алдыбы? Жетишет! Менин да ар-намысымбар! Мен да бирөөгө керектирмин. Ойлосоң керек мени үйдө күтүп отура берет деп. Сен оору дегенди билбейсиӊ. Сүйгөн адамыӊан жылуу сөз угуп, жылуу кучагына кыналып бардыгын унутуп, эс алып магдырайын десеӊ… магдырайын десеӊ үйүӊ көрүстөндөй!.. Эч ким жок… Анын күтмөй… акыйып күтмөй… Мынабу саатын стрелкаларычы! Күтүп карап турсаң ‒ жылбайт... Сен деген убакыттын кандай өткөнүн да билбейсиң. А мен кургур сени күтөм. Күтөм! Өмүр бою күтөм! Болду! Бүттү! Жетишет! Бүгүн акыркы күн. Мен жашайм! Өзүм үчүн, ар намысым үчүн, сүйүм үчүн жашайм. Бирок… мен… Мен шордуу сен акмакты сүйөмда! Сен муну жакшы билесиӊ. Ошону менен пайдаланасыӊ. Сен мени эч качан сүйгөн эмессиӊ. Сүйгөн адам сендей болобу? Сендей кыйнайбы? Эмне, мага ашык болгондор жок дейсиӊби? Бирөөнө дагы көӊүл бурбайм. Бирок мен… (туталанып, калтырап) Ай, кудай ай!.. Сен муну эч качан түшүнбөйсүӊ… Түшүнбөйсүң... Болуптур! Болуптур. Күнөө менде экен. Мойнума алам. Жок дегенде жакшылап дымалап койсоӊ боло!.. Унуттуӊбу? Сен мурда ким элеӊ. Эмнеӊ бар эле? Кечир! Кечирип койчу. Мен аны колко деле кылбайм. Ачуум менен оозумдан чыгып кетти. Ачуум менен айтайын дегеним башка болчу. Кечир! Кечирип койчу. Мындан ары сага жакпаган бир дагы сөз айтпайм. Даттанбайм. Таарынбайм. Сен аман-эсен эле келсеӊ болду. Татынакай жылуу төшөккө жаткызып, башыӊан сылап бешик ырын ырдап берем. Бир гана суранганым ‒ кетпе. Кетпечи. Кудай алдында суранам! Болуптур. Мени бир эле карап койчу. Мейли айта бер! Алдай бер мени. Бардыгына чыдайм. Бардыгына макулмун. Бир гана суранганым ‒ кетпе. Суранам, сен мени дагы күттүрсөӊ, мен өлүп калам. Мен күтө берем. Канча десеӊ, ошончо күтө берем… Мен бактылуумун. Менин сүйгөнүм бар! Менин күткөнүм бар! Мар Байжиевдин котормосунда #ЖылдызИскендерова #поэзия #көркөмокуу #театр #тамсил #артикуляция #демалуу #монолог #актер #дикция #проза #сүйлөөмаданияты #сахнакеби #оратордукискусство #сценическаяречь #художественноеслово #художественноечтение

Смотрите также