Ташиев жаш баланын шагын сындырбай өтүнүчүн аткарды.
Токмок шаарында жаңыланган кичи футбол аянтчасы ачылды Токмок шаарынын 3-кичи районунда капиталдык оңдоодон кийин кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы болду. Буга чейин КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин 1-3-кичирайондордун ортосундагы сейил бактын курулушу менен таанышуу боюнча иш сапарынын алкагында, балдар төрагага учурдагы футбол аянтчасын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Жыйынтыгында Камчыбек Кыдыршаевичтин тапшырмасы менен ири оңдоо иштери жүргүзүлдү. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз