Камчыбек Ташиев Токмокко кайрадан барып, жаңы көйгөйлөрдү жеринен укту.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Токмок шаарына иш сапары менен барды. Анда алгач жаңыланган спорт аянты менен таанышып, андан сон жергиликтүү тургундарга жолукту. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар көйгөйлөр айтылды. Камчыбек Ташиев Токмок шаары оңдоого муктаж, көйгөйлүү маселеси көп шаарлардын катарында экенин билдирди. Учурда бардык жагдайларды эске алуу менен акырындап ирээтке келтирүү, көйгөйлөрдү чечүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз