G
enby!

Сезимдерди айыктыруу - аудио китеп

Сезимдерди айыктыруу ЭМОЦИОНАЛДЫК САЛАМАТТЫК МЕНЕН КЕЧИРИМГЕ КАРАЙ ЖОЛ Жыйын жетекчиси болгонумдан кийин: жыйындагы кадимки чогулуш жардам бербей турган, эки категориядагы адамдар бар экенин түшүндүм. Алардын көйгөйлөрү Кудайдын Сөзүнүн негизиндеги насааттарды угуудан, Машаякка кайрылуудан, Ыйык Рухка толуудан, сыйынуудан, кечки тамакка катышуудан чечилбейт. Биринчи категориядагы адамдар Кудайдын кудуреттүүлүгүнө болгон ишенимди жоготуп алышкан. Алар тырышып сыйынганына карабай, жеке муктаждыктары жоопсуз калгандай сезилет.Такыбаалыкка болгон аракеттери эч кандай жыйынтык бербейт. Өздөрүнүн муктаждыктары жаздырылган пластинканы тынымсыз айландырып, ар дайым кыжырданган абалда болушат. Алар такыбаалыктын сырткы, көзгө көрүнгөн эрежелерин так аткарышат: сыйынышат, ондук беришет, ишенимдери тууралуу ачык айтышат, бирок булардын баарына карабай, үмүтсүз абалга тереңдеп чөгө беришет. Ал эми экинчи категориядагы адамдар ар дайым жасалма түр көрсөтүшөт. Алар чыныгы сезимдерин басынтып: бир нерсе туура эмес экенин мойундарына алышпайт, анткени “машаякчыларда мындай көйгөй болбошу керек”- дешет. Көйгөйгө кайраттуулук менен карагандын ордуна, аны актап, Ыйык Жазуудагы аяттарды жамынып, теологиялык терминдерди колдонуп, жоопкерчиликтен качышат.Чечилбеген көйгөйлөр жүрөктүн тереңинде катылып, кийинчирээк ар түрдүү оорулар, мүнөздүн кескин өзгөрүшү, бактысыз нике аркылуу көрүнөт, ал тургай балдарында нерв оорулары пайда болушу мүмкүн. Мындай көйгөйлөрдү чечүүдө, Кудай мага кадимки чогулуштар жардам бербей тургандыгын түшүндүрдү. Өзүмдү таануу процессинде- үй-бүлөөмдү, балдарымды, жакын досторумду айыктыруучу сүйүүнүн тереңдигин түшүнүү үчүн Кудай мага жакшы мүмкүнчүлүк берди. Ошондон кийин Кудай мага жыйын жетекчилик кызматымдын функциясын кеңейтип, адамдардын эмоционалдык абалына жана оору алып келген эскерүүлөрүнө көңүл бурушум керек экенин көрсөттү. Жыйырма жыл- насаатчы, багыттоочу, кеңеш берүүчү болуп эмгектенген убагымда- эмоционалдык оорудан, өткөндү эскерүүдө пайда болчу оорулардан айыккан машаякчылардан миңдеген каттарды алгам. Бул китепте алардын кээ бирлеринин окуялары келтирилген. Алардын силерге же силердин жакындарыңарга тааныш болгон көз караштарын жана сезимдерин көрө аласыңар. Бул китепте мисал келтирилген адамдардын баардыгынын дени сак жана көздөрү тирүү; алардын окуялары дагы алардын уруксаты менен колдонулган. Болгону ысымдары жана жашаган жерлеринин аттары өзгөртүлгөн. Алардын жашоосу менен силердин жашооңордогу окшоштуктар бул кокустук, бирок бир четинен караганда мыйзамченемдүүлүк. Анткени баарыбыздын максаттарыбыз жана көңүл калууларыбыз да бирдей эмеспи. Бул китеп силердин эмоционалдык ооруңардан, тажатма абалдан айыгуудагы Кудайдын жолун көрсөтүп берсин деп силер үчүн сыйынам. Мен силер алсыз машаякчыдан- айыккан, Кудайдын жардамчылары болушуңарды каалайм. Девид Симандз 00:00:00 - КИРИШ СӨЗ 00:04:35 - 1 Эмоционалдык оору 00:40:50 - 2 Күнөө, ырайым жана карызды өндүрүү 01:11:43 - 3 Жаралуу айыктыруучу 01:35:17 - 4 Шайтандын өлүмгө чейин алып бааруучу куралы. 01:58:28 - 5 Өзүн төмөн баалоодон кантип арылууга болот? 1-бөлүк 02:20:30 - 6 Өзүн төмөн баалоодон кантип арылууга болот? 2 бөлүк 02:43:37 - 7 Перфекционизмдин симптомдору 03:11:36 - 8 Перфекционизмден айыгуу процесси 03:40:01 - 9 Мыкты «менби» же чыныгы «менби»? 04:03:45 - 10 Депрессия тууралуу чындык жана миф 04:25:26 - 11 Депрессияны кантип жеӊиш керек 04:51:57 - 12 Айыккан жардамчылар.Сезимдерди айыктыруу

Смотрите также