G
enby!

10-июль: Иштерине таянган жүрөк жана ишенимге таянган момун жүрөк

10-июль Сыймыктуу иштерине же момун ишенимге таянган жүрɵк Жон Пайперден насаат сɵз «Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет» (Матай 7:22). «Ишенимге» таянган жүрөк менен «иштерине» таянган жүрөктүн ортосундагы айырманы карап көрөлү. Иштерине таянган жүрɵк ɵз күчүнɵ таянып ɵзүмчүл каалолорун ишке ашыруудан кубаныч алат. Буга мисал катары жакшы иштер болуп кɵрүнгɵн: тик аскага чыгуу, жумушта кошумча жоопкерчиликтерди алуу же согуш жүрүп жаткан жерде өз өмүрүн тобокелге салуу, же марафондо азап чегүү же бир нече жума бою орозо тутуу болушу мүмкүн. Мунун баарын жеңишке болгон чаңкоосун кандыруу үчүн ɵз эркинин күчүнɵ жана денесинин туруктуулугуна таянып жасап жатканы талашсыз. Иштерине таянган жүрɵк жогоруда айтылган иштертерден таптакыр айырмаланган иштерди да жасай алат. Мисалы: мындай жүрɵгү бар адам кɵпчүлүк туура деп эсептеген кичи-пейилдүүлүккɵ, адептүүлүккɵ жана адеп-ахлакка каршы чыгат. Жана бул иштер аркылуу ɵз кɵз карандысыздыгын, ɵз жашоосун ɵзү билгендей башкара ала турганын жана эч кимдин жардамына муктаж эместигин кɵрсɵтɵт (Галаттыктар 5:19-21). Бирок айтылып ɵткɵн эки абалда тең, жакшы болуп кɵрүнгɵн иштерби же адеп-ахлак нормаларына каршы чыккан иштерби, баары бир эле, ɵзүнɵ таянган жана ишенген, ɵзүн-ɵзү кɵтɵргɵн жүрɵктүн ниетинин негизинде келип чыгат. Эки абалды тең окшош каалоолор байланыштырып турат. Мунун баары иштерине таянган жүрɵктүн ɵжɵр, кɵз карандысыз жана мүмкүн болсо жеңиштүү болуудан ырахат алаары жɵнүндɵ айтып жатат. Ишенимге таянган жүрɵк мындан түп тамыры менен айырмаланат. Анын келечекке болгон каалоолору да аз эмес. Бирок анын каалоосунун баары – Ыйса аркылуу Кудайдын Ɵзү менен бактылуу болуу. Эгер «иштерге таянган жүрɵк» кандайдыр бир тоскоолдукту ɵзү жеңип ɵткɵнү үчүн кубанса, «ишенимге таянган жүрɵк» болсо ал тоскоолдукту Кудай жеңип ɵткɵнү үчүн кубанат. Иштерге таянган жүрɵк ɵзүнүн жөндөмдүү, күчтүү жана акылдуу адам катары даңкталуусунан келген кубанычты эңсейт. Ал эми ишенимге таянган жүрɵк Кудайдын жөндөмдүү, күчтүү, акылмандуу жана ырайымдуу Кудай катары даңкталганын кɵрүүдɵн келген кубанычты эңсейт. Эгер муну диний контексте карасак, иштерге таянган жүрɵк адеп-ахлак чакырыгын кабыл алып, чоң күч менен анын тоскоолдуктарын жеңип чыгат жана ɵзүнүн жеңишин Кудайга Анын жактыруусу жана сыйлыгы үчүн тɵлɵм катары сунуш кылат. Ал эми ишенимге таянган жүрɵк болсо бул чакырыкты бир гана Кудайдын күчүнүн куралы болуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл алат. Жеңишке жеткенде, ишенимге таянган жүрɵк бардык даңк жана ыраазычылык Кудайга таандык экенине кубанат. Келечектеги ырайым аттуу китептен алынган үзүндү, 278-279-беттер Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот: 💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram:   / jakshykabar   🎵 Facebook:   / jakshykabarmedia   🎼Twitter:   / jakshykabar   📸Telegram: https://t.me/jakshykabar

Смотрите также