G
enby!

Кечирбейм…

Жамалдын Өзгөнгө болгон сапары анын тагдырын өзгөрткөн. Ал Нарындан эжеси Салкын байбиче менен түштүккө жер көрүү үчүн келген. Салкын байбиче Өзгөндө жашаган кызыныкына биринчи жолу бара жатты. Жыйырма жыл мурда соодагерлер Нарынга мал айдап келишкенде, алардын арасындагы Абаз Салкындын бой жеткен кызына ашык болуп, кийин Жамалды алып кетишет. Ошондон бери Өзгөндөгү кызы Нарынга үч-төрт эле жолу келген. Акыркы келгенинде кызы таарынып: — Бир да жолу артынан келген жоксуңар, — деп эскертет. Бул сөз Салкынды ойго салып, күйөөсү менен Өзгөнгө камынышат. Алар Жамалды да алып кетүүнү чечишет. Атасына тамаша менен кайрылганда ал: — Бир кызды сураганга эле берип ийбейсиңерби, кайра ала келгиле, — дейт. Алар Өзгөнгө жеткенде кудалар сый менен тосуп алышат. Салкындын кызы Жамалды ошол жерде калтырууну суранат. — Жакшы көрүп калган кошунам бар, балалуу болбой жүрөт. Жамалды алып калса балалуу боло калам деп үмүт кылууда, — дейт. Салкын башында каршы болгону менен, акыры макул болушат. Жамалды ошол бай үй-бүлөгө узатышат. Бирок Жамал баргандан кийин анын жаңы күйөөсүнүн мурдагы аялы кетпегенин билип, шок болот. Жамалды кызматчы, бала төрөп берүүчү “токол” катары кабыл алышат. Наркул Жамалга үстөмдүк кылып, басынтат, урат. Жамал качып кетүүнү ойлосо да, кайда барарын билбейт. Улам жылдар өтүп, Жамал сабыр кылып он бир бала төрөйт. Бирок байбиче балдарды өзүнө менчиктеп, энелик укугун тартып алат. Көп жылдар өтүп, байбиче каза болот. Бирок Наркулдун катаалдыгы токтобойт. Акыры ал төшөккө жатып калат. Жамал жашоосун моюн сунуп уланта берет. Анын тирегине айланган балдары бир күнү Нарындагы туугандарын издеп табышат. Улуу эжеси аларды көрүп, Жамалды сагынып жүргөнүн айтып көз жаш төгөт. — Жамалды бир көрүп өлсөм арманым жок, — деп суранат. Балдары кайтып келип, апасына ошол кабарды айтышат. Бирок Жамал унчукпай угуп отурат да: — Жаш кезимде мени мал-мүлккө сатып кетишкен. Мен сагындым, күттүм, эч ким келбеди. Азыр алар мага бөтөн. Менин төркүнүм – силер. Мен барбайм. Кечирбейм, — деп кескин жооп берет. Жамалдын балалыгы Нарында калса да, тагдыр аны Өзгөнгө байлады. Ал өз тагдырын көтөрүп жашады. Жүрөгүндөгү муз эч качан эрибеди. Балдары болсо тага журту менен катташып турушту.

Смотрите также