G
enby!

ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын жетекчилиги өздүк курам үчүн марш бросок өткөрдү

2023-жылдын 21-22-июнунда ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Алмаз Акылбеков өздүк курамдын атайын кызматтык деңгээлин жакшыртуу жана физикалык даярдыгын, марш ыргытуу жөндөмүн текшерүү максатында саптык кароо жана марш бросок өткөрдү. Саптык кароодо кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, экипировкаларын жана кесиптик даярдыгын текшерди. Мындан сырткары, милициянын полковниги Алмаз Акылбеков транспорт каражаттарынын техникалык абалы, тазалыгы, каптал сызыктарынын жана атайын жарык, үн чыгаруучу түзмөктөрү, тиешелүү жабдуулары, иш-кагаздарынын абалын текшерди. Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине кызматтык күжүрмөн даярдыктар боюнча кошумча тапшырмалар берилди. ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Смотрите также